Мираж түнү маарек болсун


  • 2023-02-16

Сүйүктүү “Манас” үй-бүлөсүнүн мүчөлөрү!

Мираж түнү – ааламга ырайым катары жиберилген Мухаммад Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) Улуу Жараткандын алдына ыйык жана руханий көтөрүлүшүн билдирген, анын атынан адамзатка тартууланган бийиктик жана руханий өсүштүн жолу жана символу. Мираж түнү – Алла Талаанын ырайымы жана кечиримдүүлүгү тартууланган, тынчтыкка умтулуу жана ибадат кылуу сезимдери күчөгөн, боордоштук, жардамдашуу жана тилектештик мамилелери бекемделген, маданиятыбызды байыткан, адамзат үчүн тынчтык жана бейпилдиктин булагын түзгөн түндөрдүн бири.

Сүйүктүү “Манас” үй-бүлөсүнүн мүчөлөрү!

2023-жылдын 6-февралында Түркияда болуп өткөн эки чоң жер титирөө баарыбызды оор кайгыга салды. Жан дүйнөбүз сыздап, жүрөгүбүз ооруп турат. Күйүтүбүз оор, кайгыбыз тереӊ, жүгүбүз абдан оор... Миңдеген боордошубуздан ажырадык, миңдеген адам жарадар болду. Кыргызстанда, ушул Ыйык Мираж түнүндө Алла Тааладан бардык тилектер, окула турган бардык намаздар бул чоң апаатта каза болгон боордош туугандарыбыз жана тезирээк сакаюу үмүтү менен жашап жаткан жаралууларыбыз үчүн болот, Түркия үчүн болот!

Улуу Алла Талаа мындай күйүттүү күндөрдү дагы бир жолу көрсөтпөсүн! Түркияны, Кыргызстанды, деги эле бүткүл адамзатты ар кандай кырсыктардан сактасын. Бул ыйык түн Түркиянын “жаратынын” айыгышына, биримдик жана тилектештигинин чыӊдалышына, кайрадан көкөлөп өсүшүнө себепчи болсун. Жүрөктүрүбүз ыйманга толгон Мираж түнү Мухаммад Пайгамбарыбыздын (с.а.в) ыйык сапарынын маанисин түшүнүүгө, адамдык парзыбызды аткарууга, чыр чатактардан, таарынычтардан алыс болууга, бири-бирибизге жардам колун сунууга жана жүрөгүбүздү ачууга, ыйык динибиз – Ислам бизден талап кылган мээримдүү жана бейпил чөйрөнүн туруктуу болушун камсыз кылууга, боордоштукту жана тилектештикти чыңдоого, адамдык жана адеп-ахлактык сапаттарыбызды дайыма жогору тутууга дем берсин.

Ушундай ой-сезимдерим менен “Манас” үй-бүлөсүнүн Мираж түнүн куттуктайм, Түркия, Кыргызстан, түрк-ислам дүйнөсү жана бүткүл адамзат үчүн дуба кылып, Улуу Жараткандан элдерибизге биримдик, ынтымак, тынчтык, бейпилдик жана бак-таалай  тилейм.

 

Проф., докт. Алпаслан Жейлан

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору

    Социалдык медиада бөлүшүү