Бир туугандарыбызга чын жүрѳктѳн ыраазычылык билдиребиз!


  • 2023-02-18

Кыргызстандык куткаруучулар Түркиянын Хатай провинциясында үч кишини уранды алдынан аман-эсен алып чыгышты.

Маалыматка ылайык, куткарылгандардын бири аял, экинчиси эркек, үчүнчүсү жаш бала. Алар жер титирѳѳдѳн кийин кыйраган уранды алдында 13 күн же 296 саат жаткан.

Кыйын күндѳрдѳ кыргыз бир тууган элинин колдоосуна ыраазыбыз. Аллах ыраазы болсун! Аллах ынтымагыбызды, достугубузду арттыра берсин! Жалпы бардык кыргыз элине, ѳзгѳчѳ презинтетибиз Садыр Жапаровго терең ыраазычылык билдиребиз.

Кыргыз-түрк элдери бир тууган. Биз күчтүүбүз, анткени, биз биргебиз!

 

Профессор Алпаслан Жейлан

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору

    Социалдык медиада бөлүшүү