8-март – Эл аралык аялдар күнү


  • 2023-03-07

АЙЫМДАРДЫН ЭЛ АРАЛЫК МАЙРАМЫ КУТТУУ БОЛСУН!

Сүйүктүү “Манас” үй-бүлөсү,

маданиятыбызда аял үй-бүлөнүн куту, берекенин жышааны, ат минип, кылыч кармаган кыйчалыш согушта жолдошуна өбөл-жөлөк болуп, мамлекеттик башкарууда чечүүчү роль ойногон. Ислам дини кыздарды жек көрүмчү жана аялдардын кадыр-баркын кетирген аң-сезимди жок кылып, негизги укук жана милдеттери боюнча аялдардын коомдогу ордун бекемдеп, адамзат дүйнөсүнө аял менен эркек бири-биринен жогору эмес, бири-бирин толуктап турат деген түшүнүктү киргизген.

Биздин аялзаттарыбыз жашоонун бардык тармагында баалуулуктарыбыздын өкүлү, алып жүрүүчүлөрү жана коргоочулары болуп саналат. Биздин асылзат айымдарыбыз коомдук жашоонун, илим жана маданиятыбыздын бермети, экономикабыз менен келечегибиздин туткасы болгон эң маанилүү күчкө ээ.

Бизге сүйүү жана мээримин чексиз тартуулаган, тарбиячы, жаратман, жапакечтик жана чыдамкайлык касиеттерине ээ аялзатын 8-март – Эл аралык аялдар күнү менен чын-жүрөктөн куттуктап, сүйүү жана урмат- сыйыбызды билдиребиз.

 

э.и.к. Бактыгүл Каламбекова                                                                               Проф., докт. Алпаслан Жейлан

   Биринчи проректор                                                                                                                   Ректор

    Социалдык медиада бөлүшүү