Айыл тургундары менен жолугушуу Озерное айылында ѳттү


  • 2023-03-10

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин окутуучуларынан түзүлгөн топ университеттин “Айыл тургундары менен жолугушуу” долбоорунун алкагында бул жолу Чүй областынын Озерное айылынын тургундары менен жолугушуп кайтышты.

Жолугушуууга университеттин атынан тышкы иштер байланыштар боюнча координатору, профессор Кемал Полаттын коштоосунда ветеринария факультетинин декандын орун басары, доцент Фатих Рамазан Стамбуллугил, ветеринар Айдай Жунушова жана Самат Урманбетов, айыл чарба бөлүмүнүн илимий кызматкери Махабат Касымалиева жана Медербек Жаанбаев, инженердик факультетинин ага окуутучусу Кубат Кемелов, теология факультетинин илимий кызматкери Арстанбек Сагынбай уулу, ден соолук борборунун кызматкери Саадат Молдобаева жана медайым Рыскул Балтабаева болду.

Кезектеги жолугушуу Озерное айылынын Жайылов Таалайбек Тайиевич мектебинде өтүп, ага мектеп директору Клара Айтпаева, айыл имамы Искендер Дүйшенов, мугалимдер, ата-энелер жана окуучулар катышты.

Жолугушууда “Манас” университетинин таанытуу тасмасы кѳрсѳтүлүп, маалымат брошюралары таратылды. Ошондой эле профессор Кемал Полат жолугушуунун максаты Озерное айылынын тургундарына Кыргыз-Түрк “Манас” университетин таанытуу менен бирге алардын көйгөйлөрүн угуу экенин айтып, келечекте окуу жай тарабынан жардамдар кѳрсѳтүлѳѳрүн билдирди.

Долбоордун уюштуруучулары жолугушуу эл тарабынан аябай жылуу кабыл алынганын жана окуу жайга тапшыруу жолдору, университеттин шарттары менен артыкчылыктары, ошону менен бирге социалдык муктаждыктар тууралуу абдан кѳп суроолор берилип кызыктуу ѳткѳнүн айтышты.

Жолугушуунун соңунда айыл тургундары университеттин ѳкүлдѳрүнѳ жолугушуу абдан пайдалуу болгондугун белгилеп, ыраазычылыктарын билдиришти.

 

Медиа Манас

http://mediamanas.kg/4879-manas-ky-ziyaretleri-heyeti-ozernoe-kyne-gitti.html

    Социалдык медиада бөлүшүү