Касиеттүү ыйык Рамазан айына даярдык


  • 2023-03-15

Дүйнө жүзүндөгү мусулмандар рамазан айынын келишин чыдамсыздык менен күтүшөт. Рамазан айы - бул жакшы-изги иштердин жана такыбалыктын айы. Рамазан айында орозо кармоо ар бир мусулманга парз.

Берекелүү Рамазан айына саналуу күндѳр калды. Буга байланыштуу университетте ыйык Орозо айы жѳнүндѳ жалпы түшүнүк берүү максатында маалымат жыйыны ѳттүi

Иш-чарага окуу жайдын окутуучулары жана студенттери катышып, Рамазан айына карата даярдык кѳрүү, орозо айынын мааниси, берекеси менен артыкчылыктары, орозодо кантип туура тамактануу керек жана кандай азыктарды жеш керек деген темада баяндамалар жасалды.

Жыйында теология факультетинин Ислам илимдери бѳлүмүнүн башчысы Бекир Татлы “Рамазан жана Пайгамбарлар”, доцент Айтмамат Кариев “Рамазан жана Орозодогу парздар”, ага окутуучу Хиитмирза Сотволдиев “Рамазан жана Куран”, Ден соолук борборунун директору Гүлфия Губайдуллина “Рамазан жана туура тамактануу” деген темада баяндамалар жасашты жана катышуучулардын суроолоруна жооп беришти.

 

Медиа Манас

http://mediamanas.kg/4884-manasta-ramazan-paneli-dzenlendi.html

    Социалдык медиада бөлүшүү