КТМУ менен Аскер институтун ортосундагы келишим ишке ашырылып жатат


  • 2023-03-14

Кыргыз-Түрк «Манас» университети менен К.Усенбеков атындагы Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтѳрүнүн Аскер институту ортосунда кол коюлган кызматташуунун алкагында аскер кадрларын информатика, математика жана англис тилин окутуу боюнча сабактар берилип баштады.

Сабактар үстүбүздѳгү жылдын апрель айына чейин улантылат жана ал эл аралык олимпиадаларга даярдоо максатында ѳткѳрүлүп жатат. Координациялоо иши университеттин табигый илимдер факультетинин математика бөлүмүнүн башчысы, аялдардын укуктары жана социалдык жоопкерчилик долбоорлору боюнча ректор кеңешчиси, профессор Анаркүл Урдалетовага тапшырылды.

Эске салсак, 2019-жылдын 24-январында КТМУ менен К.Усенбеков атындагы КР Куралдуу Күчтѳрүнүн Аскер институту ортосунда фундаменттик илимдер, заманбап технологиялар жана англис тили чѳйрѳсүндѳ аскер кадрларын окутуу боюнча семинарларды, конференцияларды жана форумдарды биргелешип уюштуруу, билимди ѳркүндѳтүү алкагында тараптар бири-бирине усулдук жана башка жардамдарды кѳрсѳтүү боюнча кызматташууга кол коюлган.

Медиа Манас

http://mediamanas.kg/4831-ktmden-askeri-enstitye-eitim-destei.html

    Социалдык медиада бөлүшүү