Чанаккале шейиттери эскерилди


  • 2023-03-17

Үстүбүздѳгү жылдын 18-мартында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде Түркия Республикасынын Чанаккале жеңишинин 108 жылдыгына карата Чанаккале шейиттерин эскерүү иш-чарасы болуп ѳттү. 

Иш-чара Чанаккале согушунун курман болгондоруна арналып 1 мүнөттүк эскерүү жана эки өлкөнүн улуттук гимндеринин ойнотулушу менен ачылды. Эскерүү иш-чарасына окуу жайдын жетекчилиги, университеттин жалпы жамааты жана студенттер катышты.

Чанаккале жеңишин чагылдырган тасма көрсөтүлгөндөн кийин университеттин Борбордук Азияны изилдѳѳ борборунун жетекчиси, профессор Насух Услу “Чанаккале жеңишинин мааниси” деген темада баяндама жасады.

Иш-чаранын соңунда университеттин ашканасында түшкү тамакта Чанаккале согушу учурунда аскер тамагы болгон​ буудай шорпосу, компот жана нандан турган Чанаккале тамагы тартууланды.​

Эскерте кетсек, Чанаккале согушу Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин анда жеңүүчү катары чыккан өлкөлөр Осмондук империя жайгашкан кең жерге кызыгып аны басып алууну көздөшөт. Ошол максатта 3-ноябрь, 1915-жылы Франция жана Англиянын деңиз флоту Чанаккале кысыгын камтыган регионго кол салышкан. Бул согуш 18-март, 1915-жылында душмандык аскерлердин чоң жоготуусу менен мизи кайтарылган. Натыйжада 300 миңден ашык Осмондук империянын аскерлери шейит болушкан.

Чанаккаледеги Гелиболу жарым аралындагы согуш кургакта да, деңизде да болгон. Деңиз согуштары 1915-жылдын 19-февралынан 18-мартына чейин уланган. Жер кагылышуусу 1915-жылдын 25-апрелинен 1916-жылдын 9-январына чейин созулган. Бул согуш түрк тарыхындагы эң кандуу салгылашуулардын бири болуп эсептелет.

 

Медиа Манас

http://mediamanas.kg/4887-anakkale-deniz-zaferi-ve-ehitleri-anma-gn-program-dzenlendi.html

    Социалдык медиада бөлүшүү