Араб тили курсун ийгиликтүү аяктагандарга сертификаттар тапшырылды


  • 2023-03-17

2023-жылдын 17-мартында Үзгүлтүксүз билим берүү борборунда араб тили курсунун алкагында окуулар жыйынтыкталып, сертификаттар тапшырылды.

Иш-чарага катышкан университеттин окуу иштери боюнча проректору, профессор Мехмет Сезаи Түрк үзгүлтүксүз билим берүү негиздерин колдоо жана ѳнүктүрүү, ошондой эле учурдун талабына ылайык инсан өзүн тынымсыз өнүктүрүп туруусу зарыл экендигин айтып, бул жаатта университеттин Үзгүлтүксүз билим берүү борборунун кошкон салымы чоң экенин баса белгиледи.

Иш-чаранын соңунда араб тили курсун ийгиликтүү аяктагандарга сертификаттар тапшырылды.

 

Медиа Манас

http://mediamanas.kg/4889-arapa-kursu-sertifika-takdim-treni-yapld.html

    Социалдык медиада бөлүшүү