Студенттерибиз ишембиликке катышып, ѳз салымдарын кошушту


  • 2023-03-18

Үстүбүздѳгү жылдын 18-мартында Бишкек шаарын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча жарыяланган бир айлыктын алкагында борбор калаанын бардык райондорунда массалык ишембиликтер болуп өттү.

Кыргыз-Түрк “Манас” университети жоопкерчиликтүү мекеме катары коомчулукта болуп жаткан кѳрүнүштѳргѳ кайдыгер карабай жыл сайын коомдук пайдалуу иш-чараларга активдүү катышып келет. Бул ирет да Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин студенттери шаардык жалпы ишембиликке активдүү катышып, тазалоо иштерине ѳз салымдарын кошушту.

Шаардын бардык төрт районунда ишембиликке райондун жашоочулары, муниципалдык аймактык башкармалыктардын кызматкерлери, райондун бардык кызматтарынын кызматкерлери, ЖОЖдын студенттери, ошондой эле уюмдар, ишканалар жана чарбакер субъекттер активдүү катышышты.

Ишембиликте 338 көчөт отургузулуп, анын ичинен 220 бадал жана 73 ийне жалбырактуу дарак тигилди.  130,5 м3 таштанды чыгарылды.

Медиа Манас

http://mediamanas.kg/4890-manasl-renciler-cumartesi-temizliine-katld.html

    Социалдык медиада бөлүшүү