Нооруз майрамыңыздар менен куттуктайбыз!


  • 2023-03-20

Сүйүктүү “Манас” үй-бүлөсү! 
Борбордук Азиядан баштап Балкан жарым аралына чейин созулуп жаткан аймакка кирип келген жаздын, табияттын жанданышынын, молчулуктун жана токчулуктун символу болгон кезектеги Нооруз майрамына эсенчиликте жетип алганыбызга абдан кубанычтабыз. Илгертеден бери биз үчүн нооруз биримдикке, тилектештикке жана ынтымакка чакырган күн катары белгилүү. Миңдеген жылдар бою нооруз оомалуу-төкмөлүү күндөрдө орток идеал жана достукту туу тутуу менен түрк элдеринин башын бириктирип келген мурасыбыз. Бул мурасты бекем сактап, кийинки муундарга өткөрүп берүү биздин милдетибиз.
Мына ушул себептен улам, өзгөчө “Манас” үй-бүлөсүн жана түрк дүйнөсүн Нооруз майрамы менен чын ыкласыбыз менен куттуктайбыз! Түркия Республикасына, Кыргыз Республикасына жана түрк дүйнөсүнө жана бүткүл адамзатка нооруз береке, молчулук, ынтымак, бейпилчилик алып келет деп үмүт кылабыз.  

                          Э.и.к. Бактыгүл Каламбекова                Проф., докт. Алпсалан Жейлан
                                     Биринчи проректор                                              Ректор

 

    Социалдык медиада бөлүшүү