КТМУ менен БатМУ кызматташат


  • 2023-03-28

Үстүбүздөгү жылдын 28-мартында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин (КТМУ) менен Баткен мамлекеттик университети (БатМУ) ортосунда кызматташуу жөнүндө келишимине кол коюлду.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Кыргызстандын жогорку окуу жайларына билим берүүдөгү орду жана илимий жетишкендиктери менен үлгү катары катары көрсөтүлүп келе жаткан “Манас” университети менен жакындан таанышуу максатында келген Баткен мамлекеттик университетинин ректору, профессор Айдарбек Гыязов жана Жогорку Кеңештин депутаты Миргүл Темирбаеваны университеттин ректору, профессор Алпаслан Жейлан жана биринчи проректор Бактыгүл Каламбекова жылуу тосуп алышты.

Жолугушууда Кыргыз-Түрк “Манас” университети тууралуу маалымат берилди жана эки тараптуу кызматташтыкты арттыруу маселелери талкууланып, келишим түзүлдү.

Келишимде биргелешкен илимий изилдөөлөрдү ишке ашыруу, студенттер менен окутуучулардын арасында академиялык мобилдүүлүк, стажировкаларды, кесипти жогорулатуу курстарды уюштуруу, конок лекцияларды окуу, тренингдерди өткөрүү, окуу программаларын алмашуу, конференцияларды, семинарларды, тегерек столдорду уюштуруу аркылуу илимий жана маданий байланыштарды өнүктүрүү багыттары камтылган.

Жолугушуудан кийин Баткен мамлекеттик университетинин ректору, профессор Айдарбек Гыязов жана Жогорку Кеңештин депутаты Миргүл Темирбаева университеттин факультеттери, окуу лабораториялары, “Медиа Манас” теле жана радио студиялары менен таанышып, “Манас ФМ” радиосунун коногу болушту.

Медиа Манас

http://mediamanas.kg/4902-batken-devlet-niversitesi-le-protokol-mzaland.html

    Социалдык медиада бөлүшүү