Билим берүү министрлиги жогорку кесиптик билим берүү системасына биргелешкен сереп ѳткѳрдү


  • 2023-03-27

Үстүбүздѳгү жылдын 27-мартында Билим берүү жана илим министрлиги “Кыргыз Республикасындагы жогорку кесиптик билим берүү трансформациялоо жолунда” аталышындагы жогорку кесиптик билим берүү системасына биргелешкен сереп өткөрдү.

Жогорку окуу жайлардын ректорлору Кыргыз Республикасында жогорку медициналык билим берүүнү өнүктүрүү: тренддер жана көйгөйлөр, Кыргыз Республикасында инженердик билим берүүнү өнүктүрүү, ЖОЖду өнүктүрүүнүн мыкты моделдери жана практикасы, Жогорку кесиптик билим берүү системасын жакшыртуу боюнча сунуштар ж.б. темаларда баяндамалар жасады.

Университеттин моделин талкуулоо үчүн мамлекеттик түзүмдөр, жогорку кесиптик билим берүү уюмдары, эл аралык уюмдар, көз карандысыз эксперттер, илимий-изилдөө, аналитикалык уюмдар, аккредитациялоочу агенттиктердин өкүлдөрү жана Жогорку Кеңештин депутаттары катышты.

Аталган жыйынга окуу жайдын биринчи проректору, э.и.к. Бактыгүл Каламбекова жана окуу иштери боюнча проректору, доцент Камалбек Карымшаков катышты. Анда окуу жайдын биринчи проректору, э.и.к. Бактыгүл Каламбекова “Ишеним менен эрежелерди туу туткан башкаруу модели” деген темада баяндама жасап, Кыргыз-Түрк “Манас” университети тууралуу кеңири маалымат берди.

“Манас” университети QS (Quacquarelli Symonds) басылмасынын талдоосу боюнча дүйнөдөгү 1422 мыкты университеттин рейтингинде 801-орунду ээлеген. Мунун менен Кыргыз-Түрк «Манас» университети дүйнөлүк мыкты университеттердин рейтингине Кыргызстандан кирген алгачкы окуу жайы болуп калды. Аталган жыйында “Манас” университети Кыргызстандагы башка жогорку окуу жайларга үлгү катары кѳрсѳтүлдү.

Жыйында Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев ѳз сѳзүндѳ дүйнѳдѳгү алдыңкы университеттердин катарына кирип, Кыргызстанды эл аралык аренага таанытып биз сыймыктанган билим берүүнүн ири кадыр-барктуу борборуна айланган Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин тажрыйбасын пайдаланууну сунуштады.

 

Медиа Манас

http://mediamanas.kg/4904-manas-niversitesi-krgzistandaki-yksekretimin-dnmne-katk-salyor.html

    Социалдык медиада бөлүшүү