7-Апрель


  • 2023-04-07

2010-жылдын 7-апрелиндеги окуя Кыргызстанда кыргыз элинин эркиндик, адилеттүүлүк, мыйзамдуулук жана жаркын келечек үчүн бийликке каршы чыккан күн катары белгиленет. Ошол күнү нааразычылык акциясына чыккан жарандардын арасынан 87 киши курман болуп, жүздөгөн мекендештерибиз жаракат алышкан.

Кайгылуу окуялардан бери он үч жыл өттү. Ушул күнү шейит кеткен баатырлардын элесине таазим кылынып, эскерүү иш-чаралары өтөт. Алардын элдин эртеңки күнү, эркиндиги, жаркын келечеги үчүн күрөшкө өмүрүн арнаган эрдиги эч качан унутулбайт. Мындан ары элибизде ынтымак, мекенибизде ар дайым тынчтык болуп, Кыргызстан өнүгө ​берсин!

    Социалдык медиада бөлүшүү