Академиялык иштерди баалоо жаатында жыйындар уланууда


  • 2023-04-10

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин окуу бөлүмдөрүндө академиялык иштерди баалоо жаатында жыйындар ѳтүп жатат.

Университеттин ректору, профессор Алпаслан Жейлан 2023-жылдын 10-апрелинде гуманитардык жана жана спорт илимдери факультеттеринин профессордук-окутуучулук курамы менен жолукту.

Жыйында академиялык иштерди баалоонун учурдагы абалы жана келечектеги ѳзгѳрүүлѳрү боюнча маалыматтар берилди жана жакынкы келечекте жасала турган иштерди жакшыртуу боюнча алгылыктуу сунуш-пикирлер айтылды.

Белгилей кетсек, Кыргыз-Түрк “Манас” университети QS (Quacquarelli Symonds) версиясы боюнча дүйнөдөгү университеттердин рейтингинде эң мыкты 1422 университеттин ичинде 801-орунга ээ болгон. “Манас” университети 2024-жылы дүйнөдөгү 500 университеттин катарына кирүүнү максат кылат.

 

Медиа Манас

http://mediamanas.kg/4917-akademik-deerlendirme-toplantlar-devam-ediyor.html

    Социалдык медиада бөлүшүү