Ыйык Орозо айында тазалык жана жашылдандыруу кызматкерлерине белек


  • 2023-04-12

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин жетекчилиги тарабынан окуу жайдын тазалык жана жашылдандыруу кызматкерлери үчүн Ыйык Орозо айына карата азык-түлүк кутусу даярдалды.

Үстүбүздѳгү жылдын 14-апрелинде университеттин ректору, профессор Алпаслан Жейлан жана биринчи проректор, э.и.к Бактыгүл Каламбекова тазалык жана жашылдандыруу кызматкерлерин Орозо айы менен куттуктап, белектер тапшырды.

Университеттин жетекчилери ынтымак жана биримдик алып келген куттуу Орозо айы - руханий тазаланууга, жакшылык жасоого умтулуу экенин белгилеп, тазалык кызматкерлерине чын ден соолук, узун ѳмүр жана үй-бүлѳлүк ынтымак, бакыт-таалай менен аманчылык каалады.

Ошондой эле тазалык жана жашылдандыруу кызматкерлери кѳрсѳткѳн жардамы үчүн окуу жайдын жетекчилигине ыраазычылык билдиришти.

 

Медиа Манас

http://mediamanas.kg/4924-temizlik-ve-peyzaj-alanlarna-ramazan-kolisi-armaan.html

    Социалдык медиада бөлүшүү