КЫРГЫЗ-ТҮРК "МАНАС" УНИВЕРСИТЕТИНИН 2022-2023-ОКУУ ЖЫЛЫ ҮЧҮН ПРОФЕССОРДУК-ОКУТУУЧУЛУК КУРАМДЫ КАБЫЛ АЛУУ ЖӨНҮНДӨ КУЛАКТАНДЫРУУСУ


  • 2023-04-14
Факультети Бөлүмү/Программасы Кызматы Талаптар Саны
Табигый илимдер факультети Математика Доц.м.а. Университеттин тийиштүү нускамасынын талаптарына жооп берүү;
Геометрия тармагы боюнча доктордук даражага ээ болуу;
Лоренц мейкиндигинде жаныма операторлор (tangent operator) жана чектөөлөр менен көп түрдүүлүк (constraint manifold) боюнча илимий эмгектери болушу керек.
1
Инженерия факультети Өнөр жай инженериясы Доц.м.а. Университеттин тийиштүү нускамасынын талаптарына жооп берүү;
Өнөр жай инженериясы тармагы боюнча доктордук даражага ээ болуу;
Белгисиздикке дуушар болгон системаларды проактивдүү пландаштыруу жана оптималдуу контролдоо үчүн ар түрдүү оптималдаштыруу жана машина үйрөнүү ыкмаларын иштеп чыгуу жана колдонуу боюнча илимий эмгектери болушу керек.
1
Туризм факультети Саякат иши жана гид кызматы Доц.м.а. Университеттин тийиштүү нускамасынын талаптарына жооп берүү;
Саякат иши жана гид кызматы тармагы боюнча бакалавр даражасына, туризм менеджменти боюнча доктордук даражага ээ болуу;
Туристтик агенттиктерде  маалыматтык технологиялар, маалыматтык коопсуздук жана виртуалдык уюмдар боюнча илимий эмгектери болушу керек.
1
Ветеринария факультети Ветеринар Ага окутуучу Университеттин тийиштүү нускамасынын талаптарына жооп берүү;
Ветеринария факультетинин бүтүрүүчүсү болуу;
Кыргызстанда айыл чарба жаныбарларынын мителери боюнча илимий эмгектери болушу керек.
Чет тил билүү талабы коюлбайт.
1
Арыздарды кабыл алуу тартиби: Арыздар жарыя берилген күндөн тартып 15 (он беш) күндүн ичинде (2023-жылдын 14-апрелинен 28-апрелине чейин) КТМУнун Кадрлар башкармалыгында кабыл алынат. Почта жана/же электрондук дарек аркылуу жиберилген арыздар өз мөөнөтүнөн кечигип келген учурда Кадрлар башкармалыгы жооптуу болбойт. Арыздарды кабыл алуу учурунда Кыргызстандын жергиликтүү иш убактысы эске алынат. Конкурстун жыйынтыгы тууралуу маалыматтарды Кадрлар башкармалыгынан билүүгө болот.
Талап кылынган документтер:
Профессор, доцент жана доценттин м.а. кызмат орду үчүн: арыз*, өмүр баян, жогорку билимин, илимий даражасын жана илимий наамын тастыктаган дипломдор (нотариус тарабынан тастыкталган), жарыяланган макалалардын тизмеси, паспорттун көчүрмөсү, 1 даана сүрөт (3Х4), соттолбогондугу тууралуу маалымкат. Ага окутуучу кызмат орду үчүн: арыз*, өмүр баян, жогорку билимин тастыктаган дипломдор (докторантура/ магистратура/ бакалавр даражасындагы), жарыяланган макалалардын тизмеси, паспорттун көчүрмөсү, 1 даана сүрөт (3Х4), соттолбогондугу тууралуу маалымкат.
Дареги: Кыргыз-Түрк «Манас» университети, Жал кичи району 30/42, Ч. Айтматов атындагы студенттик шаарча, ректораттын имараты, Кадрлар башкармалыгы (каб.: 112), Бишкек/Кыргызстан.
Электрондук дарек :  bilgi.personel@manas.edu.kg (талап кылынган бардык документтерди э-почта аркылуу жөнөтсөңүз болот).
Байланыш телефондору: 00996 (0312) 49 27 81-82 факс: 0096 (312) 54 19 35.
Эскертүү: Талапкерлердин документтери тиешелүү Комиссия тарабынан  “Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин доценттин милдетин аткаруучу, доцент жана профессор наамын берүү жана аларды дайындоо боюнча нускамасынын”  жана "Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ага окутуучу, окутуучу жана адистерди тандоо жана дайындоо жөнүндө жобосунун" (http://manas.edu.kg/index.php/tr/ktmu-emevzuat)  негизинде каралат. Талапкер жараны болгон өлкөнүн мамлекеттик же расмий тили/тилдери чет тили катары эсептелбейт.
*Арыздын үлгүсүн (http://www.manas.edu.kg/index.php/dokumanlar) ала аласыз.
    Социалдык медиада бөлүшүү