Окуу жайдын коопсуздук кызматкерлеринин кызматтык кийимдери жаңыланды


  • 2023-04-18

Үстүбүздѳгү жылдын 18-апрелинде Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коопсуздук жана коргоо кызматынын кызматкерлери жылдын тѳрт мезгилине ылайыкташтырылган, заманбап атайын кызматтык кийимдер менен камсыздандырылды.

Иш-чарага университеттин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, проректор, профессор Мехмет Сезаи Түрк, проректор, доцент Камалбек Карымшаков, башкы катчы, доцент Октай Ѳзгүл катышты.

Университеттин ректору окуу жайдын коопсуздугун камсыз кылып, күн-түн иш алып барган коопсуздук кызматкерлеринин эмгегин жогору баалап, жаңыланган атайын кызматтык кийимдер сапаты жана ыңгайлуулугу менен айырмаланат деди.

Жаңы формалык кийимдердин өзгөчөлүктөрү, күнүмдүк көп учурда күнү-түнү кызмат өтөгөн коопсуздук кызматкерлерине ыңгайлуу, отуруп турганда бырышпаган, салмагы жеңил, суукта жылуу, ыссыкта салкын, абаны өткөрүп турат, эң негизгиси алыстан чагылдыруучу айырмалоо белгилери жана университеттин эмблемасы саймаланып тигилген.

КТМУнун Коопсуздукту сактоо бѳлүмүнүн жетекчиси Абдыкапар Эстебесов жана бѳлүмдүн кызматкерлери окуу жайдын жетекчилигине ыраазычылык билдиришти.

 

Медиа Манас

http://mediamanas.kg/4929-manas-onlara-emanet.html

    Социалдык медиада бөлүшүү