Сүйүктүү “Манас” үй-бүлөсүнүн мүчөлөрү!
Кайрымдуулуктун, кечиримдүүлүктүн жана берекенин айы болгон Рамазан айы артта калганына капалансак да, Орозо айт майрамын тосуп алуунун бактысын жана кубанычын сезип жатабыз. Майрамдар – бул инсандык, адеп-ахлактык, диний баалуулуктар менен жакшы көрүү, урматтоо, боордоштук жана достук сезимдери тутанган, биримдик, ынтымак жана коомдук мамилелер чыңдалып, таарынычтар унутулган, баары бири-бирине кучак жайган бир пикирдештиктин жана тилектештиктин күндөрү. Ушул Орозо айт майрамы ортобуздагы биримдикти жана ынтымакты бекемдеп, баарыбызды бири-бирибизге жакындаштырып, боордоштук жана достук мамилелерибизди чыңдашын жана кайгыны кубаныч менен алмаштырышын тилейбиз.
Ушул сезимдер жана ойлор менен “Манас” үй-бүлөсүнүн мүчөлөрү болгон академиялык жана административдик кызматкерлерибизди, студенттерибизди, бүтүрүүчүлөрүбүздү жана алардын үй-бүлөлөрүн Орозо айт майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайбыз. Жакшы көрүү жана боордоштук сезимдерин козгогон бул ыйык күндөрдүн Түркиябызга, Кыргызстаныбызга, түрк-ислам дүйнөсүнө жана бүткүл адамзатка ден соолук, тынчтык жана бакыт-таалай алып келишин тилейбиз.
Орозо айтыңыз маарек болсун!
Э.и.к. Бактыгүл Каламбекова Проф., докт. Алпаслан Жейлан
Биринчи проректор Ректор