Балдарыбыздын майрамы кут болсун!


  • 2023-04-22

Сүйүктүү “Манас” үй-бүлөсүнүн мүчөлөрү!

23-апрель – түрк элинин эркин чагылдырган, анын көз карандысыздыгынын жана эгемендигинин символу болгон Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын ачылыш күнү.

23-апрель – түрк эли майтарылбас эрки жана күч-аракети, өзүнүн адилеттүү күрөшү менен өтө чоң кыйынчылыктарды жеңе аларынын далили.

23-апрель – Мустафа Кемаль Ататүрк сүйүктүү балдарга майрам катары тартуулаган күн.

23-апрель – дүйнө балдарынын катышуусунда белгиленген дүйнөдөгү биринчи жана жалгыз балдар майрамы.

23-апрель – дүйнө балдарынын ортосунда ынтымакты жана боордоштукту чыңдоого салым кошкон жана бүткүл дүйнөнү тынчтыкка үндөгөн майрам.

Ататүрк 23-апрелди келечегибиз болгон балдарыбызга тартуулоо менен аларга, алардын ишенимине жана дүйнө тынчтыгына канчалык маани бергенин көрсөттү. Биздин эң чоң тилегибиз – балдарыбызга жакшы, бейпил жана бактылуу келечек тартуулоо. Келечегибизди ишенип тапшырган балдарыбызды мыкты тарбиялоо – өлкөлөрүбүз жана келечегибиз үчүн жасай турган эң маанилүү инвестиция. Мунун бирден-бир жолу — билим берүү. “Университеттен да артык” деген ураан менен Кыргыз-Түрк “Манас” университети катары балдарыбыздын жана жаштарыбыздын өз маданиятына жараша заманбап дүйнөдө бардык тармактарда өз ордун таба алуусу үчүн аларды билимди колдоно билген, а түгүл билимди өндүрө билген жана өзүнө болгон ишеним менен маданиятыбызды өнүктүрө турган муундарды тарбиялоого умтулабыз. Балдарыбызды жана жаштарыбызды жакшы көрөбүз жана аларга ишенебиз.

Ушул сезимдер жана ойлор менен Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын ачылышынын 103-жылдыгында Гази Мустафа Кемал Ататүрктү, бардык шейиттерибизди жана ардагерлерибизди ардактоо, ыраазычылык жана урмат-сый менен эскерип,  аларга терең таазим кылабыз. Жан дүйнөбүзгө бакыт тартуулаган, эртеңки жаркын келечегибиздин кепилдиги болгон балдарыбызды 23-апрель - Улуттук эгемендүүлүк жана балдар күнү менен куттуктайбыз.

                Проф., докт. Алпаслан Жейлан

                                                   Ректор

    Социалдык медиада бөлүшүү