“Манас” университетинде көк бөрү боюнча мелдеш болуп өттү


  • 2023-04-29

Бүгүн, 29-апрель күнү Кыргыз-Түрк “Манас” университети, “Демир Кыргыз эл аралык банкы” жана Кыргыз Республикасынын “Көк бөрү” федерациясы тарабынан уюштурулган “Демир банк – Манас ректораты” кубогу үчүн көк бөрү боюнча мелдеш болуп өттү.

Оюн университеттин Салттуу спорт оюндарынын аянтында өтүп, ага жалпысынан 4 команда катышты.

Жыйынтыгында 1-орунду, тактап айтканда “Демир банк – Манас ректораты” кубогун “Ак шумкар” командасы, 2-орунду “Сарбан-Жал” командасы, 3-орунду “Манас” университети командасы алса, 4-орунга “Сары-Өзөн 40 жаш ” командасы ээ болду.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Курманкул Зулушев, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары, Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мурдагы депутаты Бактыгул Маматов, КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор, э.и.к Бактыгүл Каламбекова, Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлдөрү, ошондой эле Стамбул Сабахаттин Заим университетинин ректору, профессор Ахмет Жеват Ажар, “Маариф” фондунун башкаруу кеңешинин мүчөсү, профессор Мехмет Өзкан, “Демир банкынын башкы директору Шевки Сарылар, Кыргыз Республикасынын “Көк бөрү” федерациясынын президенти Талас Бегалиев жана “Дордой” ассоциациясынын президенти Аскар Салымбеков катышып, улуттук спорттун түрлөрүн калк арасында жайылтуу өзгөчө мааниге ээ экендигин белгилешти.

Жеңүүчүлөргө катышкандыгы үчүн ыраазычылык баракчалары жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

 

ММК жана коомчулук менен байланышуу бөлүмү

 

Haber Videosu: https://youtu.be/FSuvtEIw96c

Haber Fotoğrafları: https://www.instagram.com/p/Crn21_Bx2Pd/?igshid=YmMyMTA2M2Y=

    Социалдык медиада бөлүшүү