Университет тарабынан мектеп-интернат окуучуларына жагымдуу маанай тартууланды


  • 2023-05-02

Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин социалдык жоопкерчилик жаатындагы маанилүү бѳлүгүнүн бири - ѳзгѳчѳ кѳңүл бурууга жана жардамга муктаж балдарга кам кѳрүү болуп саналат.

Үстүбүздѳгү жылдын 1-майында университеттин ректору, профессор Алпаслан Жейлан  жана ректор кеӊешчиси, экономика жана башкаруу факультетинин деканы, профессор Серхат Бурмаоглу, ректор кеӊешчиси, профессор Анаркүл Урдалетова, гуманитардык факультетинин тарых бүлѳмүнүн доценти Незахат Жейлан, башкы катчы, доцент Октай Ѳзгүл Панфилов районунда жайгашкан Казыбек Тилебалиев атындагы мектеп-интернатына кайрымдуулук кылуу максатында барып келишти.

Университет тарабынан балдар үйүнүн тарбиялануучуларына ысык тамак уюштурулуп, чакан концерттик программа тартууланды.

Кѳңүлдѳрү кѳтѳрүлгѳн балдар майрамдык маанай үчүн ыраазычылыктарын билдиришти жана мектеп-интернатынын кызмтакерлери ректорго ыраазычылык баракчасын тапшырды.

 

ММК жана коомчулук менен байланышуу бѳлүмү

    Социалдык медиада бөлүшүү