Ректор Алпаслан Жейлан ТүркПанын XII пленардык жыйынына катышты


  • 2023-05-02

2023-жылдын 28-апрелинде Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) XII пленардык жыйынына катышты.

Анкара шаарында өткѳн жыйында “Парламенттик дипломатия адилеттик дүйнө үчүн: Энергетика, Миграция, Азык-түлүк”  деген темада талкуу болду.

Түркия Республикасынын Улуу Улуттук жыйынынын Төрагасы Мустафа Шентоп ТүркПанын ассамблеясынын жыйынында түрк тилдүү мамлекеттердин башын бириктирген абдан жакшы жыйын болуп жатканын айтып: “Биздин  максатыбыз - түрк дүйнөсүнүн мамлекеттерин бир чатыр алдында бириктирүү, биримдик жана бир туугандык байланыштарды арттыруу. Түрк тилдүү мамлекеттердин Парламенттик ассамблеясынын тарыхында из калтыруу жана келечек муундарыбызга күчтүү мурас калтыруу”-деди.

Ошондой эле Мустафа Шентоп мырза Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин түрк тилдүү мамлекеттердин Парламенттик ассамблеясына мүчө болгон мамлекеттер арасында үлгү экенин айтып, тынымсыз ѳнүгүүнүн үстүндѳ иштеп бүгүнкү күнү чоӊ ийгиликтерге жетишкенин баса белгиледи.

Ошондой эле жыйынга катышкан Азербайжан, Казакстан, Түркия мамлекетинин өкүлдөрү университеттин ректору, профессор Алпаслан Жейланга мактоо сөздөрүн айтып, түрк дүйнөсүндө ѳз орду бар дүйнѳлүк кадыр-барктуу Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ишмердүүлүгүнѳ ар дайым колдоо кѳрсѳтѳѳрүн билдиришти.

Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Түркия Республикасынын Улуу Улуттук жыйынынын Төрагасы Мустафа Шентоп менен жолугушту.

Алгач Төрага Нурланбек Шакиев Түркияда катталган зилзалага байланыштуу көңүл айтып, көп адамдын өлүмүнө алып келген табигый кырсык тууралуу кабарды кыргыз эли терең кайгыруу менен кабыл алганын кошумчалады.

Ал эми Түркиянын Улуу Улуттук жыйынынын Төрагасы Мустафа Шентоп каргашалуу табигый кырсыктан кийин биринчи кол сунган мамлекеттердин катарында Кыргызстан турганын белгилеп, көрсөтүлгөн колдоолор, жөнөтүлгөн боз үйлөр үчүн ыраазычылык билдирди.

 

ММК жана коомчулук менен байланышуу бѳлүмү

    Социалдык медиада бөлүшүү