“Манас” университети PRMEди колдойт


  • 2023-05-04

"Кыргыз-Түрк" Манас университети PRMEди (жоопкерчиликтүү башкаруу боюнча билим берүү принциптерин) колдойт.

"Манас" университети PRME принциптерин колдоо менен катар дуйнөдөгү эң ири жана инклюзивдик жактан жооптуу жогорку окуу жайлардын тармагына мүчө болуп кире алды.

Муну менен бирге аталган окуу жай "Университеттен да артык" урааны менен экологиялык жактан сабаттуу, туруктуу өнүгүүнүн максаттарын түшүнгөн жана башкаруу принциптерин кабыл алган инсандарды тарбиялоону максат кылган окуу жай катары, ошондой эле, "Жоопкерчиликтүү университет", "Жоопкерчиликтүү башкаруу" түшүнүгү менен глобалдык денгээлде үлгү болгусу келет.

PRME тармагы 2007-жылы БУУнун Глобалдык келишиминин негизинде түзүлгөн. Бүгүнкү күндө 850дөн ашык мүчөсү бар, дүйнө жүзүндөгү эң чоң жогорку окуу жай тармактарынын бири болуп саналат.

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

    Социалдык медиада бөлүшүү