Айыл тургундары менен жолугушуу Шалта айылында уланды


  • 2023-05-04

2023-жылдын 4-майында "Манас" университетинин окутуучуларынан түзүлгөн топ, "Айыл тургундары менен жолугушуу" долбоорунун алкагында бул жолу Сокулук районуна караштуу Шалта айылына барып келишти.

Жолугушуу Шалта айылдагы Батырбек Солпуев атындагы мектепте болду. Ага мектептин директору Үмүтбүбү Дооренбекова, айыл имамы Искендер Дүйшеев, ата-энелер жана ошондой эле жалпы мугалимдер жамааты катышты.

Ал эми Кыргыз -Түрк "Манас" университетинин делегациясынын курамында Эл аралык мамилелер жана туруктуу өнүктүрүү боюнча координатору, профессор Кемал Полат, ветеринария факультетинин катчысы Самат Урманбетов, ветеринардык дарыгер Айтурган Дүйшөбаева, ошондой эле айыл чарба факультетинин өсүмдүктөр бөлүмүнүн башчысы Хусейин Зейнелзаде Табризи, окутуучу Медербек Жаанбаев, инженердик факультетинин илимий кенже кызматкери Нурзат Шайкиева жана лаборант Памирбек Каразаков, теология факультетинин илимий кызматкери Арстанбек Сагынбай уулу, ден соолук борборунун дарыгери Саадат Молдобаева болду. Алардын ар бири мектеп окуучуларын, алардын ата-энелерин "Манас" университетинде билим алуу эң чоң утуш болоорун белгилешти. Бул окуу жайда окуган студенттердин мүмкүнчүлүгү алда канча чоң экенин баса көрсөтүштү.

Профессор Кемал Полат өз сөзүндө окуу жай тууралуу маалымат берип, "Манас"  университети Бириккен Улуттар Уюмунун Туруктуу өнүгүү максаттарына ылайык  билим берүүгө канчалык маани берилсе, жергиликтүү калкка социалдык жактан  жардам көрсөтүүгө дагы ошончолук чоң маани берерин баса белгиледи.

Ал эми мектеп директору Умүтбүбү Дооронбекова: “өлкөбүздүн келечеги жаштардын колунда. Билимдүү, илимдүү, креативдүү жаштарды тарбиялоодо биз "Манас" университетине окшогон окуу жайларга муктажбыз. Кыргыз -Түрк "Манас" университети Кыргызстандагы эң алдыңкы, эң күчтүү университеттердин бири. Мен буга чейин башка мектептин директорлору менен бирге 2 күндүк семинарда болгом. Ошондо окуу жайдын шарттары тууралуу билип, биздин бүтүрүүчүлөр дагы дал ушул жерден билим алышса деп тилек кылгам", -деди.

Аны менен катар Шалта айылынын имамы И. Дүйшеев мектеп окуучуларын мектепти аяктап эле чет өлкөгө кетип иштөөнү ойлонбостон, "Манас" университетине тапшырып билим алууну көздөгүлө. Анткени, "Манас" университети силер үчүн эң жакшы тандоо болот", -деп айтты.

Жолугушуунун соңунда, университеттин делегациясы Шалталыктарга университетти таанытуучу брошюраларды таратып, китептерди белекке тапшырды. Ошондой эле эстеликке сүрөткө түшүштү.

 

ММК жана коомчулук менен байланышуу бөлүмү

Haber fotoğrafları: https://www.instagram.com/p/Cr5s6KCt76q/?igshid=NTc4MTIwNjQ2YQ==

Haber videosu: https://youtu.be/nak60Km2qwM

 
    Социалдык медиада бөлүшүү