Технофестте "Манастын" аты жаңырды


  • 2023-05-08

Стамбул шаарында өткөн ТЕХНОФЕСТ-2023 - Авиация, космос жана технология фестивалы өз ишин жыйынтыктады.

Натыйжада, Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин ветеринария факультетинин профессору Али Ришванлы жетектеген "STNM- ZOOVET" командасы биринчиликти жеңип алды. Алар "Метрисор" аттуу долбоорун тартуулап, "Университет жана жогорку деңгээл" категориясында ийгиликке жетише алышты.

Аталган фестиваль Түркиянын улуттук технологиясынын өнүгүп өсүшүнө салым кошкон биринчи жана жалгыз иш-чара болуп саналат.

ТЕХНОФЕСТ фестивалы үстүбүздөгү жылдын 27-апрелинде башталып, 1-майда аяктады. Ал Стамбулдагы Ататүрк аэропортунда өттү.

 

ММК жана коомчулук менен байланышуу бөлүмү

Haber fotoğrafları: https://www.instagram.com/p/CsAunlVNoOm/?igshid=NjZiM2M3MzIxNA==

 
    Социалдык медиада бөлүшүү