Ардахан университетинин проректору Мустафа Йылдыз "Манаска" иш сапары менен келди


  • 2023-05-11

Үстүбүздѳгү жылдын 10-майында Ардахан университетинин проректору, профессор Мустафа Йылдыз Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде болду.

Иш сапардын жүрүшүндө профессор Мустафа Йылдыз КТМУнун түрк дүйнөсүндө өзгөчө орду бар, кадыр барктуу окуу жай экенин баса белгиледи. Ошондой эле, "Манас" университетинин ишмердүүлүгүнө дайыма байкоо салып турарын кошумчалады.

Ал эми ректор, профессор Алпаслан Жейлан: "Биздин окуу жайдын сиздин көңүлүңүздө болгону жана биздин ишмердүүлүгүбүзгө кызыгып турганыңыз биз үчүн чоң кубаныч",- деди.

Жолугушуунун соңунда Ардахан жана "Манас" университеттеринин ортосундагы кызматташтыкты арттыруу жана улантуу керектиги макулдашылды.

ММК жана коомчулук менен байланышуу бөлүмү

Haber fotoğrafları: https://www.instagram.com/p/CsEgrPBN37i/?igshid=NTc4MTIwNjQ2YQ==

    Социалдык медиада бөлүшүү