"Манас"университети археологиялык изилдөөлөргө жаңыча мамиле жасайт


  • 2023-05-13

Кыргыз-Түрк " Манас" университети менен А.Х. Маргулан атындагы Археологиялык институтунун ортосунда эки тараптуу кызматташуу боюнча келишимге кол коюлду.

Келишимге КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан жана А.Х. Маргулан атындагы Археологиялык институтунун мүдүрү Онгар Акан кол коюшту.

Келишимге ылайык, эки тарап Кыргызстан менен Казакстандагы археологиялык  изилдөөлөргө байланышкан программаларды, долбоорлорду биргеликте даярдамакчы. Ошондой эле, бул багытта квалификациялуу адистерди биргеликте даярдайт. Ошол эле учурда жаңы ыкмаларды колдонуу менен тарыхый, маданий мурастарды аныктоо, аларды сактоо жана пайдалануу боюнча илимий изилдөө иштерин жүргүзүшмөкчү.

Мындан сырткары, окуу жайлардын ортосунда семинарлар, конференциялар жана тегерек столдор өтүп турары белгиленди.

 

ММК жана коомчулук менен байланышуу бөлүмү

Haber fotoğrafları: https://www.instagram.com/p/CsG50LKNLI5/?igshid=NjZiM2M3MzIxNA==

    Социалдык медиада бөлүшүү