Семинар: “QS рейтингинин методологиясы: изилдөөчүлүк иш аракетинин университеттердин рейтингине тийгизген таасири”


  • 2023-05-13

Университетибизде “QS рейтингинин методологиясы: изилдөөчүлүк иш аракетинин университеттердин рейтингине тийгизген таасири” аттуу семинар болуп өттү.

Семинарга университеттин ректору, профессор Алпаслан Жейлан жана окуу иштери боюнча проректор, доцент Камалбек Карымшаков катышты.

Аталган семинардын уюштуруучусу Кыргызстандагы Улуттук Эразмус+ Кеңсеси болду  жана семинарды кеңсенин өкүлү Нургүл Касенова ачып берди.

Семинарда “Манас” университетинин компьютердик инженерия бөлүмүнүн башчысы, т.и.к., доцент Рита Исмаилова "Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин QS тажрыйбасы" деген темада баяндама жасап, жалпы эле рейтингдин, анын ичинен QS рейтингинин түрлөрү, QS рейтингин чыгаруу ыкмасы, “Манас” университетинин QS тажрыйбасы тууралуу айтып берди.

Эскерте кетсек, Кыргыз-Түрк “Манас” университети университеттердин дүйнөлүк QS рейтинг тизмесинде эң мыкты 1000 университеттин ичинде 801-орунда турат.

ММК жана коомчулук менен байланышуу бөлүмү

https://www.instagram.com/p/CsJrMEot--1/?igshid=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү