Эл өкүлү Айбек Осмонов “Манас” университетинде болуп кайтты


  • 2023-05-13

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Айбек Осмонов Кыргыз - Түрк "Манас" университетинде болуп кайтты.

А. Осмонов окуу жайдын кампусун кыдырып көрүп, акыркы учурда жасалып жаткан иштер менен таанышты. Ал өз сөзүндө: "Манас" университети Кыргызстандагы эң беделдүү окуу жайлардын бири. Келечекте Кыргызстанда гана эмес, Борбор Азия боюнча керек болсо дүйнө жүзүндөгү үлгүлүү окуу жай болушуна өз салымыбызды кошобуз",-деди.

Жолугушууга КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан жана ошондой эле биринчи проректор, э.и.к Бактыгүл Каламбекова катышты.

ММК жана коомчулук менен байланышуу бөлүмү

https://www.instagram.com/p/CsJWb9xNAEr/?igshid=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү