“Манас” университетинде зилзалада жабыркаган балдарга жардам кѳрсѳтүү максатында азыктар жарманкеси өттү


  • 2023-05-17

Үстүбүздөгү жылдын 16-майында Түркия Республикасындагы жаратылыш кырсыгы жер титирөөдө жапа чеккен жаш балдарга жардам кѳрсѳтүү, колдоо максатында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде азыктар жарманкеси болуп ѳттү.

Жарманкеде "Манас" университетинин кызматкерлери жана алардын үй-бүлѳлѳрү тарабынан даярдалган кыргыз жана түрк элинин улуттук тамак аштарынын 200гө жакын түркүн түрү сатыкка коюлду. Тасмал толо азыктар баары колго үйдөн жасалган. Андан түшкөн каражат Түркиядагы жер титирөөдөн жапа чеккен жаш балдарга жардам берүүгө жумшалмакчы.

Жарманкенин демилгечиси жана уюштуруучусу, КТМУнун гуманитардык факультетинин тарых бөлүмүнүн доценти Незахат Жейлан: “"Манас" университетинде мындай иш - чара быйыл экинчи ирээт өтүүдө. Бул жылы “Маариф” билим берүү комплекси да биздин саамалыкты колдоп, келип катышып жатышат. Былтыркы жарманкеден түшкөн каражат Бишкек шаарындагы балдар онкологиялык ооруканасында дарыланып жаткан балдарга которгонбуз. Ал эми быйыл Түркиядагы зилзаладан жабыркаган жана жакындарынан ажырап калган балдарга жардам көрсөтөлү деп турабыз. Ошондой эле, бул саамалыкты жыл сайын уюштуруп турсак деген максатыбыз бар",- деди.

Жарманкеге Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан да катышып, бир канча азыктарды сатып алды. Ал өз сөзүндө "Манас" университети "Университеттен да артык!" деген ураанынын алдында өткөн жылы 68ден ашык социалдык долбоорлорду ишке ашырганын айтты. "Биз студенттерибизге билим берүү менен гана чектелбестен, коомго пайда келтирүү, адамдык асыл сапаттарды бийик кармоо боюнча да тарбиялайбыз",- деди ректор.

 

ММК жана коомчулук менен байланышуу бөлүмү

Haber fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/CsTYY5ithml/?igshid=MTc4MmM1YmI2Ng== 

    Социалдык медиада бөлүшүү