"Манаста" Ататүрктү эскерүү, жаштар жана спорт майрамы белгиленди


  • 2023-05-19

Үстүбүздөгү жылдын 18-майында Кыргыз -Түрк "Манас" университетинде 19-май Ататүрктү эскерүү, спорт жана жаштар күнүнө арналган майрамдык иш-чара болуп өттү. Иш-чаранын катышуучулары Ататүрктүн басып өткөн жолун, эли-жери үчүн жасаган эмгегин, эрдигин акылмандыгын жана даанышмандыгын эскеришти.

Окуу жайдын ректору, профессор Алпаслан Жейлан өз сөзүндө Ататүрктүн түрк дүйнөсүнө жана адамзат тарыхына, маданиятына жасаган эмгеги чоң сый урматка ээ экендигин айтты. Ошондой эле, студенттерге кайрылып: "Манастын" студенттери келечектин күзгүсү. "Манас" - аракетчил, чынчыл, ыймандуу жаштардын окуу жайы. Биз силерге ишенебиз. Бизден билим алган ар бир студент Ататүрктүн жана "Манас" университетинин кадыр-баркын, тарыхын улай турчу инсан болуп эсептелет ",-деди.
Биринчи проректор, э.и.к Бактыгүл Каламбекова иш-чаранын катышуучуларын майрамы менен куттуктап: “Ататүрктү эскерүү, жаштар жана спорт майрамы бир гана Түркия үчүн эле эмес, бүтүндөй Түрк дүйнөсү үчүн да маанилүү. Ататүрк өзүнүн туулган күнү катары шарттуу датаны - түрктөрдүн эгемендүүлүк үчүн күрөшү башталган 19-май күнүн тандап, бул күндү жаштарга белек кылган экен. Бардык түрк дүйнөсүнүн жаштарына чын ден соолук, кең келечек жана спорт менен ар дайым тыгыз байланышта болууларын каалайм. Чындыгында келечек – ден соолугу чың, ыймандуу, билимдүү жаштардын колунда”, -деди.

Ошондой эле, иш-чаранын кадырлуу коногу ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун башкы катчысы Султан Раев: "Кыргыз-Түрк "Манас" университети - түрк дүйнөсүнүн жаштарын бир түндүктүн алдына чогулткан окуу жай. Бул университет түптөлгөндөн бери кыргыз, түрк элдеринин ортосунда ар тармактуу иш аракеттер жүргүзүлүп келет. Айрыкча, тынымсыз өзгөрүп, өнүгүп жаткан дүйнөлүк тенденциядан артта калбай студенттерине эң жогорку билим берип, квалификациялуу бүтүрүүчүлөрдү даярдап жатканы кубандырат. Баса белгилей кетчү нерсе, Алпаслан Жейландын келиши менен университеттин академиялык курамы жаңырып, социалдык долбоорлор көбөйүп эл аралык кызматтар жакшыра баштаган. Маселен, Кыргыз-Түрк "Манас" университети Түркияда 7-орунда, Борбор Азия боюнча 451 университеттин ичинен 156-орунда турат. Ал эми дүйнө жүзү боюнча 801-орунда болгону сыймыктандырат",-деп Алпаслан Жейланга ТҮРКСОЙ уюмунун жогорку даражадагы алтын медалын такты.

Аны менен бирге Түркия Республикасынын 100 жылдыгына карата уюштурулган спорттук иш-чаранын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды.
Иш чарада "Балам үчүн" аттуу даректүү тасма тартууланды. Тасмада мүмкүнчүлүгү чектелген кыздын "Манас" университетине келүү, окуу жай менен таанышып чыгуу кыялы орундалганы чагылдырылган.

ММК жана коомчулук менен байланышуу бөлүмү

Haber fotoğrafları:
https://www.instagram.com/p/CsbCvQNNPBI/?igshid=MTc4MmM1YmI2Ng==

 

    Социалдык медиада бөлүшүү