"Манас" университетинин делегациясы Бер-Булак айылына барып келди


  • 2023-05-18

Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин мугалимдери "Айыл тургундары менен жолугушуу" долбоорунун алкагында Сокулук районунун Бер-Булак айылына барып келишти.

Жолугушуу Бер-Булак айылындагы Турсуматов Ормонбек Калманович атындагы орто мектепте болду. Ага мектептин директору Гүлнара Мамбетимова, айыл башчылар, жергиликтүү тургундар, мугалимдер жана окуучулар катышты.

КТМУнун Эл аралык мамилелер жана туруктуу өнүктүрүү боюнча координатору Кемал Полат, өз сөзүндө "Манас" университетинин артыкчылыктарына токтолду. Аны менен бирге окуу жайда окуган студенттердин мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө сөз кылды. "Биздин окуу жай БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарына ылайык социалдык жоопкерчилик иш - чараларга, сапаттуу билим берүүгө жана илимий изилдөөлөргө чоң маани берет. Университетте ар кыл темадагы курстар, семинарлар, конференциялар байма бай өтүп турат. Кыргыз - Түрк "Манас" университети ар бир студентине жардам берүүгө даяр",-деди.

Ал эми мектеп директору Гүлнара Мамбетимова бүтүрүүчүлөрүнүн дал ушул окуу жайда окуп калышын чын дилден каалаганын айтты.

Акимчиликтен келген өкүл Асел Максютова бир кезекте "Манас" университетине тапшырып бирок, белгилүү себептерден улам окуй албай калганын эстеп: "Биздин балдардын туура тандоо жасоосун жана аталган окуу жайда билим алышын каалайм",-деп айтты.

Жолугушууга келген коноктордун бири (мурдагы жетекчилердин бири) Көлбай Алимкулов: "Манас " университетинин эң негизги өзгөчөлүгү паракорчулуктун жоктугу. Бул студенттердин стипендия жана башка жетишкендиктерге жетүүсүнө сонун мүмкүнчүлүк. Биз келечекте Кыргыз -Түрк "Манас", университетинин Борбор Азиянын Гарвардына айланышын каалайбыз",-деп сөзүн жыйынтыктады.

Соңунда "Манас" университетинин делегациясы китептерди, таттууларды белекке беришип, эстеликке сүрөткө түшүштү.

Белгилей кетсек, жолугушууга "Манас" университетинин Эл аралык мамилелер жана туруктуу өнүктүрүү боюнча координатору, профессор Кемал Полат , Ветеринария факультетинин катчысы Самат Урманбетов, ветеринардык дарыгер Айтурган Дүйшөбаева Жана ошондой эле Айыл чарба факультетинин өсүмдүктөр бөлүмүнүн башчысы Хусейин Зейнелзаде Табризи, окутуучу Медербек Жаанбаев, инженердик факультетинин окутуучусу Калипа Салиева , теология факультетинен Райымбек Султанов жана илимий кызматкер Арстанбек Сагынбай уулу, ден соолук борборунун дарыгери Саадат Молдобаева барышты.

 

ММК жана коомчулук менен байланышуу бѳлүмү

Haber videosu: https://youtu.be/qD-hbPST6lM

    Социалдык медиада бөлүшүү