“Манас” университетинде жаз майрамы белгиленди


  • 2023-05-23

Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Көркөм өнөр факультетинин студенттери тарабынан даярдалган "Жаз майрамы" аттуу майрамдык иш-чара болуп өттү. Анда "Манастын кыздары" бий тобу, "Дастан" комузчулар тобу өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Бул майрамдык салтанатка окуу жайдын ректору, профессор Алпаслан Жейлан катышып: "Биз студенттерибиздин илимий жетишкендиктери менен гана эмес, коомдук жана маданий жактан жетишкен ийгиликтери үчүн да сыймыктанабыз. Анткени, биз жөн гана билим берүүчү мекеме эмеспиз. "Манас" - университеттен да артык! Окуудан сырткары, маданият, адабият, тил руханият жаатында активдүү болуу аталган тармактардын өнүгүүсүнө салым кошуу болуп саналат. Биз "Манастын кыздары" бий тобу менен Нарынга, Баткенге, Ошко барабыз. Ал эле эмес келечекте Стамбулга, Анкарага, Бакуга барабыз. Мен баарыңар менен сыймыктанам. Ал эми Кыргыз -Түрк "Манас" университети - чоң үй бүлө ",-деп сөзүн жыйынтыктады.

КТМУнун Көркөм өнөр факультетинин музыкалык бөлүмүнүн студенттери жагымдуу ыр, бийлери менен залды майрамдык шаңга бөлөдү. "Дастан" комузчулар тобу кыргыздын улуттук аспабы болгон комузду чеберчилик менен чертип, көрүүчүлөрдүн черин жазышты.

 

ММК жана коомчулук менен байланышуу бѳлүмү

Haber fotoğrafları: https://www.instagram.com/p/CsjcqDZtLrV/?igshid=MTc4MmM1YmI2Ng==

    Социалдык медиада бөлүшүү