Ирфан Гүрдалдын «Түрк дүйнѳсүндѳ жаз» концерти ѳзгѳчѳ шаӊ менен ѳттү


  • 2023-05-25

Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде Түрк дүйнѳсүнүн кадырлуу ырчы жана обончусу Ирфан Гүрдалдын "Түрк дүйнөсүндө жаз" аттуу концерти болуп өттү.

Концертте Ирфан Гүрдал жана аны коштогон музыканттар көрүүчүлөргө жан эргиткен чыгармаларды тартуу кылышты. Башкача айтканда, түрк дүйнөсүнүн музыкалык мурасы бай экенин далилдешти. Белгилей кетсек, Ирфан Гүрдал күйөрмандарына түрк элдеринин элдик ырларын дагы аткарып берди. Анын бул кадамы көпчүлүктүн колдоосуна арзыды. Ошондой эле, күйөрмандарынын жүрөгүнөн түнөк тапты. Сахнадагы энергетикасы менен суктанткан Ирфан Гүрдал түрк дүйнөсүнүн биримдигин жана маданий байлыгын даңазалоо менен бирге музыка сүйүүчүлөрүнө болуп көрбөгөндөй майрамдык маанай, сонун эмоцияларды тартуулады десек жаңылышпайбыз.

КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан өз сөзүндө: "Мындай концертти, мындай майрамды биз Нарынга, Баткенге, Таласка ж.б. шаарларга дагы өткөрүшүбүз керек. Буюрса өткөрөбүз. Бул кече биздин сезимдерибизди козгоду",- деп музыкалык топко ыраазычылыгын билдирди. "Президентибиз 21-кылымды Түркиянын кылымы деп белгиледи. Түркиянын кылымы демек, түрк дүйнөсүнүн кылымы!",- деди А. Жейлан.

 

ММК жана коомчулук менен байланышуу бѳлүмү

Haber fotoğrafları: https://www.instagram.com/p/Csl1I9tmTP/?igshid=MTc4MmM1YmI2Ng==

 
    Социалдык медиада бөлүшүү