Илимий макала жазууга кызыккандар үчүн окутуу семинары жыйынтыкталды


  • 2023-05-24

2023-жылдын 25-майында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин илимий изилдөө жана басып чыгаруу этикасы боюнча кеңеши тарабынан илимий макала жазууга кызыккандар үчүн уюштурулган атайын окутуу семинары жыйынтыкталды.

10 апталык окутуу семинарын университеттин илимий изилдөө жана басып чыгаруу этикасы боюнча кеңешинин жетекчиси, профессор Күршад Йылмаз өтүп, катышуучуларга макала жазуунун түзүлүшү, эрежелери жана талаптары тууралуу маалымат берди.

Семинардын соңунда катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.

 

ММК жана коомчулук менен байланышуу бөлүмү

Haber fotoğrafları: https://www.instagram.com/p/CsqsKgqNkDx/?igshid=MTc4MmM1YmI2Ng==

 
    Социалдык медиада бөлүшүү