Музыка бөлүмү тарабынан Стамбул жеңишине карата салтанаттуу концерт уюштурулду


  • 2023-05-30

2023-жылдын 29-майында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде Стамбулдун багындырылышынын 570 жылдыгына арналган “Жеңиш ырлары” аттуу майрамдык концерт болуп өттү. Иш-чара көркөм өнөр факультетинин музыка бөлүмү тарабынан уюштурулду.

Концерт бир мүнөттүк эскерүү, Кыргызстан менен Түркиянын мамлекеттик гимдеринин аткарылышы жана теология факультетинин окутуучусу Шахимердан Орунбековдун ыйык Курандагы "Фатх" сүрөсүнөн үзүндү окушу менен башталды.

Анын артынан университет ректору профессор, доктор Алпаслан Жейлан өз сөзүн Фатих Султан Мехметтин "Менин күчүм жеткен жерге алардын кыялы да жетпейт" деген сөзү менен баштады.

Түркиянын жаңы доору башталганын белгилеген ректор, жаңы доордо кыргыз, казак, өзбек, түркмөн, азербайжан деген түшүнүк жок болуп, бардык түрк элдери бир максатта биригерин билдирди.

Ошондой эле Алпаслан Жейлан Азербайжандын 105 жылдыгы менен куттуктап, иш-чарага катышкандыгы үчүн Азербайжандын Кыргыз Республикасындагы элчиси Латиф Сейфаддин Оглу Гандиловго да ыраазычылык билдирди.

"Биз болгону бир гана өлкө элек. Азыр саныбыз 8ге жетти. Келечекте мындан да көп болоруна ишенем. Ошентсе да биздин негизги тилегибиз максатыбыздын бир болушу. Максатыбыз бир болгондо гана бардык ойлорубуз ишке ашат. Урматтуу мугалимдер, сиздерден бардык студенттерди улуттук идеология менен сугарышыңыздарды суранам. Муну бир гана сиздер профессионалдуулук менен ишке ашыра аласыздар. Орто Азиядагы кызыл туубуз мезгили менен Анатолияга барды. Андан ары Фатих Султан Мехмет кызыл туубузду Стамбулда желбиретти.

Азербайжандын 105 жылдыгын, Түркиянын 100 жылдыгын белгиледик. Эми Кыргызстандын 100 жылдыгын белгилөө жаштарыбызга насип кылсын",- деп ректор өз сөзүн жыйынтыктады.

Ректордун куттуктоосунан кийин сѳз Азербайжандын Кыргызстандагы элчиси Латиф Сейфаддин Оглу Гандиловго берилди. Ал: "Стамбул жеңишинин 570 жылдыгын белгилөө биз үчүн абдан маанилүү. Бул түрк элдеринин улуулугун көрсөткөн окуя. Биз алардын урпактарыбыз. Кыргыз, казак, өзбек, түркмөн, азербайжан болобу, баарыбыз алардын урпактарыбыз. Биз баарыбыз түрк элдерибиз, бир атанын балдарыбыз. Биздин негизги милдетибиз тарыхыбызды, маданиятыбызды жана каада-салттарыбызды сактап кийинки муундарга жеткирүү болуп эсептелет. Жашасын Түрк эли!",- деп сөзүн аяктады.

Андан соң тарых бөлүмүнүн студенти Умутжан Челик Ариф Нихат Асиянын "Жеңиш ыры" деген чыгармасын окуду.

Андан кийин ага окутуучу Себахаттин Сиврикаянын жетекчилигинде концерт башталды. Түрк дүйнөсү оркестри башчысы, ага окутуучу Рысбек Жумакунов дирижерлук кылган концертте Түрк дүйнөсү музыкалык бөлүмүнүн окутуучусу, обончу Ирфан Гүрдалдын аткаруусунда ырлар жаңырды.

 Ал эми Карагул Тиленчиев тарабынан уюштурулган хорду доктор, Бүлент Намал алып барды. Өзгөчө Гөкхан Усал, Нежип Йылгын, Фатих Эрендер, Шафак Баштардын өнөрлөрү көпчүлүктүн купулуна толду.

Түрк тарыхын жана жеңишин чагылдырган концерт көпчүлүктүн маанайын көтөрдү.

 

Мындан сырткары концертте төмөнкү чыгармалар аткарылды:

 

"Түркоглуюм" (сөзү: Жем Гүрдал, обону: Ирфан Гүрдал, аткаруучу Ирфан Гүрдал), "Сефер дүштү Гүржистана" (Көроглу) (аткаруучу: Ирфан Гүрдал), "Жан Түркистан" (аткаруучу: Ирфан Гүрдал), "Генч Осман" (аткаруучу: Фатих Эренлер), "Домбра" (сөзү, обону: Асланбек Султанбеков, аткаруучу: Себахаттин Сиврикая), "Фатих маршы йелкенлер бичилежек" (сөзү:Ариф Нихат Асия, обону: Йылдырым Гүрсес, аткаруучу: Себахаттин Сиврикая), "Плевне маршы" (аткаруучу: Бексултан Усенов), "Карабаган селам" (сөзү: Желалеттин Курт, обону жана аткаруучусу: Себахаттин Сиврикая), "Тарихи Чечип маршы" (обону: Жемал Жүмбүш), "Жеддин деден маршы" (сөзү: Исмаил Хаккы Бей), "Түрк ордусу" (сөзү: Ахмет Жевад, обону: Айгүн Самедзаде, аткаруучу: Бексултан Усенов), "Түрклер гелийор маршы" (сөзү: Женгизхан Мутлу, обону: Йылдырым Гүрсес).

Көркөм өнөр факультетинин музыка бөлүмүнүн чыгармачыл мугалимдери менен студенттери тарабынан уюштурулган бул салтанаттуу концерт катышуучулардын эстен кеткис күндөрүнөн болуп калды.

 

ММК жана коомчулук менен байланышуу бѳлүмү

Haber fotoğrafları: https://www.instagram.com/p/Cs1GvfUtkKz/?igshid=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү