“Кош бол, даярдоо курсу”


  • 2023-06-03

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Чет тилдер жогорку мектеби тарабынан “Кош бол даярдоо курсу” аталышында салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Майрамдык иш-чара эки ѳлкѳнүн мамлекеттик гимндеринин аткарылышы менен башталды. Аталган кече 2022-2023-окуу жылында Чет тилдер жогорку мектебинде түрк, кыргыз, англис, орус жана кытай тилдерин үйрөнгөн даярдоо курстарынын студенттери үчүн уюштурулган.

Майрамдык иш-чаранын башында Чет тилдер жогорку мектебинин мүдүрү, профессор доктор Режаи Доган сөз сүйлөп, мындай иш-чаралар маданий байланышты бекемдеп, кыргыз-түрк мамилелеринин жаңы деңгээлге чыгышына түрткү болорун кошумчалады.

Андан соң ректор, профессор Алпаслан Жейланга сөз берилди. Ректор Чет тилдер жогорку мектеби тил үйрөтүү аркылуу университеттин негизги милдетин аткаруу аркылуу аны өнүктүрүүгө чоң салым кошуп жатканын баса белгиледи. Ал даядоо курсунун мугалимдерине ыраазылык билдирип, даярдоо курсун аяктап жаткан студенттерге келерки окуу жылына ийгилик каалады. 

Майрамдык иш-чарада студенттер тарабынан кыргыз жана түрк маданият чагылдырган ырлар, поэтикалык чыгармалар жана спектаклдер аткарылды. Өзгөчө мекен темасындагы ырлар катышуучулардын купулуна толуп, кызыктуу эмоция тартуулады.

 

ММК жана коомчулук менен байланышуу бѳлүмү

Haber fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/Cs8ucFwx8xI/?igshid=MTc4MmM1YmI2Ng==

    Социалдык медиада бөлүшүү