Докторантура программаларын ишке ашыруу боюнча маалымат берилди


  • 2023-06-23

Үстүбүздөгү жылдын 20-июнунда Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин ректоратынын жыйындар залында Табигый илимдер институтунун директору, профессор Исмет Алтынташ жана Социалдык илимдер институтунун директору,  профессор Кадир Ардыч КТМУнун профессордук-окутуучулук курамына учурдагы докторантура программаларынын аткарылышы боюнча маалымат берди.

Жыйынга КТМУнун биринчи проректору, э.и.к. Бактыгүл Каламбекова, Башкы катчы Октай Өзгүл, факультет декандары жана профессордук-окутуучулук курам катышты.

Иш-чарада магистратура программаларын эффективдүү түрдө ишке ашыруу боюнча учурдагы абалга баа берилди. Ошондой эле докторантура программасынын сапатын мындан ары жогорулатуу боюнча алдыдагы пландар талкууланды.

Профессорлор "Манас" университетинин профессордук-окутуучулук курамынын докторантура программасынын ишине канааттангандыгын баса белгилешти.

 

ММК жана коомчулук менен байланышуу бѳлүмү

https://www.instagram.com/p/Ct0cF8WtNH0/?igshid=MzRlODBiNWFlZA==

 

    Социалдык медиада бөлүшүү