КУРМАН АЙТЫҢЫЗ МААРЕК БОЛСУН!


  • 2023-06-27

Биз өз ара бөлүшүүнүн, тилектештиктин, боордоштуктун, эскерүүнүн, жакындашуунун, сүйүнүүнүн, кыскача айтканда биримдиктин эң сонун үлгүсүн көрсөткөн дагы бир Курман айт майрамына жеткенибиз үчүн кубанып жатабыз. Сүйүү, урмат-сый жана коомдук сезимталдык сезимдери күч алган, биримдик жана ынтымак уялаган, жүрөгүбүз мээримге толгон туугандар жана кошуналар бири-биринин үйүнө кирип өткөрүлгөн, жетим-жесирлер кубанган Курман айт майрамынын берекелүү күндөрүндө ынтымак жана боордоштук мамилелерибизди чыңдап, тилектештиктин жана биримдиктин үлгүсүн көрсөтүүгө тийишпиз.

Элдерибиздин биримдигинин жана ынтымагынын өзөгү болгон бул Курман айт майрамы сүйүү, урмат-сый жана боордоштук мамилелерибизди чыңдашына, элдерибиздин  кайгысына жана кубанычына тең ортоктош болушуна, ар бир адамдын адам бойдон калуусуна тилектешмин.

Ушул сезимдер жана ойлор менен ыйык Курман айт майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм. Кыргызстанга, Түркияга, түрк-ислам дүйнөсүнө, бүткүл адамзатка жана Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин үй-бүлөсүнө чың ден соолук, бакыт-таалай жана тынчтык алып келишин тилейм.

                                                                                              Проф., докт. Алпаслан Жейлан

                                                                                                          Ректор

 
    Социалдык медиада бөлүшүү