"Манаста" Курман айт майрамы белгиленди


  • 2023-06-29

Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин эмгек жамааты ыйык Курман айт майрамын биргеликте белгиледи. КТМУнун Турмуш-тиричилик тейлөө комплексинде уюштурулган майрамда майрамдык дасторкон жайылып, тамак-аш тартылды.

"Манас" университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан Курман айт майрамы менен жамаатты куттуктады.

"Курман айт майрамы күндөрдүн эң улуусу. Бул күн ынтымак жана биримдиктин, бири-бирибизге сый-урмат көрсөтө турган улуу күн. Быйылкы жылы да сиздер менен айт майрамын чогуу тосуп турганыма Жаратканга ыраазычылык билдирем. Бардык эмгек жамаатыбызды жана Ислам дүйнөсүн Курман айт майрамы менен чын дилимден куттуктайм",- деди.

Ректор Курман айтка карата чалынган малдардын эти университеттин тазалык кызматынын кызматкерлерине таратыларын белгилеп, майрамды уюштурууга салым кошкондугу үчүн ветеринардык факультеттин деканынын орун басары, доцент Фатих Рамазан Истанбуллугил, тышкы байланыш бюросунун башчысы Кадри Аггүн, башкы ашпоз Абузер Акгүн, Мехмет Шүкрү Дүндар жана ашкананын бардык кызматкерлерине ыраазычылык билдирди.

Алпаслан Жейлан университеттин кызматкерлери тарабынан топтолгон каражатка союлган 5 бодо малдын этин университеттин тазалык кызматынын кызматкерлери үчүн таратып берди.

Майрамдык иш-чаранын соңунда жамаатка чай тартылды.

 

ММК жана коомчулук менен байланышуу бөлүмү

Haber fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/CuEgMgitv-F/?igshid=MTc4MmM1YmI2Ng==

    Социалдык медиада бөлүшүү