Компьютер инженерлиги бөлүмүнүн студенттери ийгилик жаратышты


  • 2023-07-05

2023-жылдын 17-18-июнь күндөрү “Transparency International” уюму тарабынан “Let’s Go Digital” аталышында конкурс өткөрүлдү. Аталган иш-чара Codify компаниясынын мекемесинде болуп өттү.

Конкурска университетибиздин компьютер инженерлиги бөлүмүнүн студенттери жигердүү катышышты. Студенттер уюштуруучулардын койгон талаптарына ылайык кыска убакыттын ичинде жаңы продукт даярдап, жасаган эмгектери боюнча кыскача маалымат беришти. Иш-чарада катышуучулардын өз жөндөмдөрүн толук ишке ашыруусу үчүн уюштуруучулар тарабынан бардык ыңгайлуу шарттар түзүлүп берилди.

“Манас” университетинин атынан “ManasBm” жана “Manas” аталышындагы 6 кишиден турган 2 команда катышты. Hackathon`го “ManasBm” командасынан Талгарбек Тилекматов, Бектемир Кумарбай уулу, Марсел Маданбеков, Асан Зулпукаров, Айтемир Уланбек уулу, Амантур Маматазимов, ал эми “Manas” командасынын атынан Мээрим Алтынбекова, Бектурсун Кабылов, Афтандил Толонов, Эмир Ташиев, Шамир Бейшебаев, Арген Саирбеков катышышты.

“ManasBm”  командасы Askjournal.kg сайтын жакшыртуу боюнча продуктусун сунушташты. Ал эми “Manas”  командасы маалыматтарды санариптештирүү боюнча өздөрүнүн жаңы продуктусун иштеп чыгышты. Конкурста жеңүүчүлөр жаңычылдык (инновация), дизайн, презентация сыяктуу бир катар баалоо критерийлери аркылуу аныкталды.

Конкурска катышкан университетибиздин компьютер инженерлиги бөлүмүнүн студенттери  1-чи жана 3-чү байгелүү орундарды ээлешти. Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө 100 миң жана 20 миң сом акчалай сыйлык берилди. Студенттерибизди куттуктайбыз, мындан ары да ийгиликтерди багынта беришине тилектешпиз!

 

Биздин студенттердин презентациялары менен төмөнкү шилтемелер аркылуу тааныша аласыз:

https://docs.google.com/presentation/d/12p2Jj0F5_9PcRQhWB7jFqczjnnlBGXTl/edit?usp=drive_link&ouid=112335556785354328384&rtpof=true&sd=true

https://prezi.com/view/BFM9kVrNWR5063Ik2IY8/

 

ММК жана коомчулук менен байланышуу бөлүмү

Haber fotoğrafları:https://www.instagram.com/p/CuUSUa-tzkX/?igshid=MzRlODBiNWFlZA%3D%3D

    Социалдык медиада бөлүшүү