Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ийгилиги YÖK (Жогорку билим берүү академиясы) тарабынан баса белгиленди


  • 2023-07-06

QS (Quacquarelli Symonds) тарабынан экинчи ирет катары менен “Дүйнөнүн мыкты 1000 университетинин” катарына кирген Кыргыз-Түрк “Манас” университети 2024-жылы дагы QS дүйнөлүк университеттердин рейтингинде “Дүйнөнүн мыкты 900 университетинин” катарына кирүү менен кайрадан ийгилик жаратты. “Манас” университетинин бул ийгилиги YÖK (Жогорку билим берүү академиясы) тарабынан дагы баса белгиленди.

Жогорку билим берүү академиясынын расмий сайтында жарыяланган “Түрк университеттердин дүйнөлүк рейтингдеги орду жогорулады, илимий өндүрүш өстү” аталышындагы кабарда Кыргыз-Түрк “Манас” университети келечекте дүйнөнүн алдыңкы 500 университеттердин катарына кирүүсү күтүлө тургандыгын билдиришти.

QS рейтинги университеттин академиялык кадыр-баркы, иш берүүчүлөр арасындагы кадыр-баркы, профессордук-окутуучулук курамы менен студенттердин сандык катышы, илимий басылмалардын профессордук-окутуучулук курамынын санына карата катышы,  эл аралык илимий-изилдөө тармагы, чет өлкөлүк студенттер менен окутуучулардын саны сыяктуу 11 өзгөрмөлүүнү камтыйт.

Акысыз жана сапаттуу жогорку билим берген Кыргыз-Түрк “Манас” университети QS жана Times Higher Education сыяктуу көз-карандысыз эл аралык уюмдардын тизмесине кирүү менен өзүнүн илимий ийгиликтерин дайыма далилдеп келет.

ММК жана коомчулук менен байланышуу бөлүмү

Жаңылыктын толугу менен төмөнкү шилтеме аркылуу тааныша аласыз:

https://www.yok.gov.tr/Sayfalar/Haberler/2023/turk-universiteleri-dunya-siralamasinda-yukseldi-bilimsel-uretim-artti.aspx

Haber Videosu: https://youtu.be/0f0djR_NCQE

 
    Социалдык медиада бөлүшүү