КТМУнун бүтүрүүчүлѳрү тарткан «Аламан» тасмасы «Ак Илбирс» сыйлыгына татыды


  • 2023-07-13

Кыргыз-Түрк “Манас» университетинин бүтүрүүчүлѳрү, жаш режиссерлор Ильгиз-Шернияз жана Соронбек Тургунмаматовдун «Аламан» фильми «Ак Илбирс» улуттук сыйлыгында 2021-жылдын «эң мыкты даректүү тасмасы» номинациясын жеңип алды.

Аламан - аты айтып тургандай көчмөндөрдүн Аламан оюнун чагылдыруу менен бирге бүгүнкү коомубуздун жашоо образын баяндайт. Аталган тасма буга чейин эл аралык жана жергиликтүү кинофестивалдарга катышып, бир катар жеңишке жетишкен.

"Ак Илбирс" улуттук сыйлыгын тапшыруу аземи 2023-жылдын 8-июлунда «Манас» кинотеатрында ѳткѳн.

«Манас» университетинин жетекчилиги мыкты бүтүрүүчүлѳрү менен абдан сыймыктанарын билдирип, Ильгиз-Шернияз менен Соронбек Тургунмаматовду сыйлыгы менен куттуктайт жана чыгармачылык иштерине мындан ары да ийгиликтерди каалайт.

 

ММК жана коомчулук менен байланышуу бѳлүмү

https://www.instagram.com/p/CupCdyANtnR/?igshid=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү