КТМУда "15-июль – Демократия жана улуттук биримдик күнүн" эскерүү иш-чарасы өткөрүлдү


  • 2023-07-14

Үстүбүздөгү жылдын 13-июлунда Абдулкерим Сатук Бугра Хан мечитинде ФЕТО террордук уюмунун көтөрүлүшүнөн улам курман болгон жарандардын элесине арналып Куран окутулду.

14-июлда университеттин бардык маалымат каналдары аркылуу террордук уюмдун чыныгы жүзүн баяндаган атайын программалар, спорттук иш-чаралар жана "Түркиянын кылымдагы баатырлары" аталышында сүрөт көргөзмөсү болуп өттү.

Аталган иш-чарага Түркиянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Ахмет Садык Доган, КТМУ ректору, профессор Алпаслан Жейлан, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Кыргызстандагы өкүлү Мехмет Давулжу, КР ТИМинин башкы директору Бакыт Жусупов, Кыргызстандагы Ахыска түрктөрү уюмунун жетекчиси Атамша Дурсунов, түрк уюмдарынын өкүлдөрү, университеттин академиялык курамы жана ЖМК өкүлдөрү катышты.

"Демократия жана улуттук биримдик күнүндө" курман болгондорду бир мүнөттүк эскерүү жана эки боордош өлкөнүн мамлекеттик гимндеринин аткарылышы менен башталган иш-чарасынын башында Түркия Республикасынын президентинин аппаратынын Коммуникация башкармалыгы тарабынан даярдалган "Түркияны кулатуу мүмкүн эмес" деген кыска метраждуу тасмасы тартууланды.

Андан соң Түркия президенти Режеп Тайип Эрдогандын видеокайрылуусу көрсөтүлдү.

"15-июлда түрк эли өзүнүн тарыхында көтөрүлүшчүлөргө каршы күрөшүү менен буга чейин топтогон баалуулуктарыбызды чыккынчыларга тебелеткен жокпуз. Биз жаныбызды берип болсо да баалуулуктарыбызды сактап калдык. Анда курман болгон шейиттердин ар бири өзүнчө тарых жана өзүнчө үлгү. Алардын баатырлыгы кылымдар бою муундан-муунга айтылып калат. Бир кол, бир муштум болуп түрк элин тарых барактарынан тазалоо, түрк элин чөгөлөтүү мүмкүн эмес экенин дагы бир далилдедик. 15-июль тарых барактарында алтын тамгалар менен жазылып калды. Мындай окуялардын кайра кайталанбашы үчүн керектүү аракеттер көрүлдү. Демократиябызды коргоодо чыккынчыларга жол берилбейт",- деди Эрдоган.

 

Түркия Республикасынын президентинин аппаратынын Коммуникация башкармалыгынын башчысы жана КТМУнун Камкорчулар кеңешинин төрагасы, профессор Фахретдин Алтун 15-июль демократиянын душмандарына каршы бир муштум болуп түйүлгөн күн экенин белгиледи.

 

"2016-жылдын 15-июлунда бүтүндөй түрк эли чыккынчылыкка каршы бириккен күн. Элибиз демократиябызды жок кылууну каалагандарга татыктуу жооп кайтарды. Президентибиздин "мен элдин бийлигинен башка эч бир күчтү тааныбайм" деген сөзү аркылуу элибиздин көтөрүлүшчүлөргө каршы чыгышы Түркияда демократияга жат көрүнүштөргө орун калбаганын далилдеди",- деди Фахретдин Алтун.

 

Ал эми Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин ректору Алпаслан Жейлан Түркиядагы чыккынчылардын көтөрүлүшүнүн максаты башкарууну гана эмес бүтүндөй түрк элин тарыхтан өчүрүү болгонун билдирди.

"Тилекке каршы, бүгүнкү күндө да айрым тараптар Түркиянын чыныгы географиялык аймагы Борбордук Азия экенин жана түрктөрдү Анадолу аймагынан жок кылууну каалагандар жок эмес. ФЕТО террордук уюму дүйнө үчүн бир балээ. Түрк дүйнөсү бул балээден кабардар болушу керек. “Манас” университети катары бул террордук уюмду Түрк дүйнөсүнүн жаштарына туура түшүндүрүү биздин милдет. Түрк улутунун келечекте кыйынчылыктарга туш болбоосу үчүн колубуздан келгенин жасайбыз жана  буга өзүбүздүн салымыбызды кошушубуз керек. 15-июль күнү биз жаңы түрк дүйнөсүнүн кылымын түздүк. Биз ар дайым 15-июль - Демократия жана улуттук биримдик күнү курман болгондордун элесин терең урмат-сый менен эскеребиз”, -деди ректор.

Иш-чарада КТМУнун коммуникация факультетинин журналистика кафедрасынын башчысы, доцент Эрдоган Акман «ФЕТӨ жана Психологиялык согуш журналистикасынын 15-июлга чейинки медиа түзүлүшү» аттуу баяндама жасады.

 

ММК жана коомчулук менен байланышуу бөлүмү

https://www.instagram.com/p/CurUwl8trdn/?igshid=MzRlODBiNWFlZA==

 
    Социалдык медиада бөлүшүү