КТМУ "15-июлдун курмандыктарын" эскерүүгө арналган иш-чарага катышты


  • 2023-07-15

Түркиянын 15-июль - Демократия жана улуттук биримдик күнүнө арналган эскерүү иш-чара Бишкек шаарындагы Ататүрк паркында өттү. Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги уюштурган иш-чаранын алкагында Ататүрктүн эстелигине гүл чамбар коюлду. Иш-чара бир мүнөттүк эскерүү менен башталды. Андан соң Түркиянын улуттук гимни аткарылды.

Иш-чарага Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, университеттин академиялык жана административдик кызматкерлери да катышты.

Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган иш-чаранын катышуучуларын Түркиянын 15-июль - Демократия жана улуттук биримдик күнү менен куттуктап: “Бул күнү Түркия Республикасынын бүтүндүгүн, өлкөнүн эгемендигин сактап калуу үчүн эрдик көрсөтүп шейит кеткен эр-азаматттарыбызды урмат-сый менен эскерем жана ыраазычылык билдирем. Алардын Ата мекен үчүн кан-жанын аябаган эрдиги, мекенчилдиги муундан-муунга дазаланып, элибиздин эсинде түбөлүккө сакталып калат!”, -деди элчи.

Иш-чара ТИКА жана Бишкек шаарынын мэриясынын жетекчилигинде "Ынтымак" сейил багында ачылган 'Түркия кылымынын баатырлары аллеясына' көчөт отургузуу менен аяктады.

ММК жана коомчулук менен байланышуу бөлүмү

Haber fotoğrafları: https://www.instagram.com/p/Cutd4MQNWjN/?img_index=1
Haber Videosu: https://www.youtube.com/watch?v=fbGYqpqRZs0

    Социалдык медиада бөлүшүү