"Манас" университетинин ага окутуучусу Темирбек Мусакеевдин ийгилиги


  • 2023-07-21

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргызстан кинематографисттер союзунун мүчѳсү, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин кѳркѳм ѳнѳр факультетинин живопись бѳлүмүнүн ага окутуучусу Темирбек Мусакеев кыргыз тарыхындагы ЮНЕСКОнун Пластикалык искусство ассоциациясына мүчѳсү болуп кирген биринчи кыргызстандык болду.
Үстүбүздөгү жылдын 21-июлунда “Манас” университетинин ректоратында Темирбек Мусакеевге аталган ассоциациянын мүчѳлүк күбѳлүгүн Түркиядан алып келген Азербайжан Республикасынын эл артисти, белгилүү сүрөтчү, профессор Рефик Азиз менен университеттин ректору, профессор Алпаслан Жейлан тапшырды.
Ректор Алпаслан Жейлан ага окутуучу Темирбек Мусакеевди ийгилиги менен Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректораты жана жалпы эмгек жамаатынын атынан кызуу куттуктап, ден соолук жана чыгармачылык ийгилик каалады.

ММК жана коомчулук менен байланышуу бөлүмү

 https://www.instagram.com/p/Cu9WRaftnwE/?igshid=MzRlODBiNWFlZA%3D%3D

    Социалдык медиада бөлүшүү