2023-2024-ОКУУ ЖЫЛЫ ҮЧҮН АКАДЕМИЯЛЫК КЫЗМАТКЕРЛЕРДИ КАБЫЛ АЛУУ ЖӨНҮНДӨ КУЛАКТАНДЫРУУСУ


  • 2023-07-25
Факультети  Бөлүмү/ программасы Кызматы Талаптар Саны
Гуманитардык факультет Синхрондук котормо доц.м.а. Университеттин тийиштүү нускамасынын талаптарына жооп берүү;
Кыргыз тилинин жана Түштүк Сибирь түрк тилдеринин диалектилери тармагы боюнча доктордук даражасы болуусу:
Азыркы түрк диалектилери тармагы боюнча улуттук жана эл аралык илимий эмгектери болушу керек.
1
Коммуникация факультети Журналистика доц.м.а. Университеттин тийиштүү нускамасынын талаптарына жооп берүү;
Басма сөз тили, журналистика боюнча билим берүү стандарттары, маданияттар аралык карым-катнаш, коом менен байланыш жана жарнама боюнча тексттерди жазуу жаатында илимий эмгектери болушу керек.
1
Коом менен байланыш жана жарнама доц.м.а. Университеттин тийиштүү нускамасынын талаптарына жооп берүү;
"Журналистика" багыты боюнча доктордук даражасы болуусу. Коом менен байланыш, саясий журналистика, шайлоо кампаниялары жана пропаганда жаатында илимий эмгектери болушу керек.
1
Радио, телекөрсөтүү жана кинематография ага окутуучу Радио, телекөрсөтүү жана кинематография бөлүмүнүн бүтүрүүчүсү болуу; ALES же эл аралык деңгээлде таанылган башка сынактардан кеминде 60 балл алуу; YDS/YÖKDİL же эл аралык деңгээлде таанылган башка сынактардан кеминде 50 балл алуу; Окууну бүтүргөндөн кийин адистиги боюнча кеминде үч жылдык тажрыйбага ээ болуу же магистратураны бүтүрүү. 1
Спорт илимдери факультети Машыктыруучуларды даярдоо профессор Университеттин тийиштүү нускамасынын талаптарына жооп берүү;
Спорт илимдери багыты боюнча доцент даражасы болуусу. Спорт илимдери багыты боюнча илимий эмгектери болушу керек.
1
Туризм факультети Туризм жана мейманкана ишмердүүлүгү бөлүмү профессор Университеттин тийиштүү нускамасынын талаптарына жооп берүү; Туризм ишмердүүлүгү тармагы боюнча доктордук даражасы болуусу; Сапатты камсыздоо, аккредитация боюнча жана чет өлкөдөгү университеттерде иш тажрыйбасынын болуусу талап кылынат. 1
Ветеринария факультети Ветеринария профессор Университеттин тийиштүү нускамасынын талаптарына жооп берүү;
Ветеринария факультетинин бүтүрүүчүсү болуу; Анатомия багыты боюнча доктордук даражасы болуусу; Алкиддик чайырды колдонуу менен жүргүзүлгөн платинация ыкмасы жаатында илимий эмгектери болушу керек.
1
Чет тилдер жогорку мектеби Тил үйрөтүү (Түрк тили координаторлугу) ага окутуучу ЖОЖдордун түрк тили жана адабияты, түрк тили жана адабияты мугалими, түрк тили мугалими, түрк тилин окутуу, түрк тили жана адабиятын окутуу жана түркология бөлүмдөрүн бүтүрүү; ALES же эл аралык деңгээлде таанылган башка сынактардан кеминде 60 балл алуу; YDS/YÖKDİL же эл аралык деңгээлде таанылган башка сынактардан кеминде 50 балл алуу; Окууну бүтүргөндөн кийин өз тармагы боюнча кеминде үч жылдык тажрыйбага ээ болуу же магистратураны бүтүрүү. 5
Арыздар кулактандыруу чыккан күндөн тарта 15 (он беш) күндүн ичинде (25-июль-08-август, 2023) КТМУнун кадрлар башкармалыгында кабыл алынат. Электрондук дарек же почта аркылуу жиберилген арыздар белгиленген мөөнөттөн кечигип келген учурда кадрлар башкармалыгы жооптуу болбойт. Арыздарды кабыл алуу учурунда Кыргызстандын жергиликтүү иш убактысы эске алынат. Конкурстун жыйынтыгын кадрлар башкармалыгынан сурап билсеңиз болот.
Талап кылынган документтер:
Профессор окутуучу кызмат орду үчүн: Арыз, өмүр баян, жогорку билимин жана илимий даражасын  тастыктаган дипломдор (нотариус тарабынан тастыкталган), жарыяланган макалалардын тизмеси, паспорттун көчүрмөсү, 1 даана сүрөт (3Х4), соттолбогондугу тууралуу маалымкат.
Ага окутуучу кызмат орду үчүн: Арыз, өмүр баян, жогорку билимин жана илимий даражасын тастыктаган дипломдор (нотариус тарабынан тастыкталган), жарыяланган макалалардын тизмеси, паспорттун көчүрмөсү, 1 даана сүрөт (3Х4), өздүк баракча, соттолбогондугу тууралуу маалымкат.
Дареги: Кыргыз-Түрк «Манас» университети, Жал кичи району 30/42, кадрлар башкармалыгы (112-каб.)
Электрондук дарек :  bilgi.personel@manas.edu.kg
Байланыш телефондору: 00996 (0312) 49 27 81-82 факс: 0096 (312) 54 39 35
Эскертүү: Талапкерлердин документтери "Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин доценттин милдетин аткаруучу, доцент, профессор наамын берүү жана аларды дайындоо боюнча нускамасынын"  жана "КТМУга ишке алына турган ага окутуучу, окутуучу жана адистерди тандоо жана дайындоо жөнүндө жобосунун" (https://manas.edu.kg/docs/mevzuatkg.pdf)  негизинде каралат. Талапкердин жараны болгон өлкөнүн мамлекеттик же расмий тили/тилдери чет тили катары эсептелбейт. * Арыздын бланкын (http://www.manas.edu.kg/docs/ktmu-ilan-basvuru-formu.doc) дарегинен алса болот.
    Социалдык медиада бөлүшүү