КТМУга аутсорсингдик кызмат көрсөткөн кызматкерлердин айлык маянасы жогорулады


  • 2023-08-04

Кыргыз-Түрк “Манас” университети окуу жайыбызга аутсорсингдик кызмат көрсөткөн ортомчу фирма менен жолугуп, инфляциянын деңгээлин эске алуу менен кызматкерлердин айлык маянасын жогорулатуу чечимин кабыл алды.

Жолугушууда КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан “Манас” университети университеттен дагы артык экендигин баса белгилеп, төмөнкүлөргө токтолду: “Окуу жайыбыз өзүнүн студенттери, алардын ата-энелери, университеттин жалпы жамааты жана Түрк дүйнөсү менен бирге көптөгөн ийгиликтерди багындырып келе жаткан чоң үй-бүлө болуп саналат. “Манас” университети акыркы 3 жылда тез өнүгүү менен чоң ийгиликтерге жетише алды. Университетибиз QS дүйнөлүк университеттердин рейтингинде алдыңкы 800 университетке кирсе, демек бул “Манас” үй-бүлөсүнүн ийгилиги деп билебиз. “Манас” үй-бүлөсүнүн ар бир мүчөсү талыкпаган эмгеги менен ийгиликтерге жетип келет. Бизге аутсорсингдик кызматтарды сунуштаган уюмдардын кызматкерлерине өзүбүздүн кызматкерлер сыяктуу эле кам көрөбүз”.

 

 

ММК жана коомчулук менен байланышуу бѳлүмү

Haberin fotoğrafları: 

https://www.instagram.com/p/CvhTYdRt9Qa/?igshid=MzRlODBiNWFlZA==

 

    Социалдык медиада бөлүшүү