«Манас» университетине ТИКАнын Кыргызстандагы жаңы координатору Мехмет Бодур келди


  • 2023-08-23

2023-жылдын 23-августунда Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (ТИКА) Кыргызстандагы программалык координатору болуп жаңы дайындалган Мехмет Бордур мырза менен аталган агенттиктин мурунку координатору Осман Уста мырзаны кабыл алды.

Эске салсак, Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (ТИКА) Кыргызстандагы программалык координатору Осман Устанын үч жылдык миссиясы аяктаган.

Эки тараптын жолугушуусунда окуу жайдын ортосунда биргелешкен маанилүү долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.

 

ММК жана коомчулук менен байланышуу бѳлүмү

    Социалдык медиада бөлүшүү