Үстүбүздѳгү жылдын 23-августунда Түркиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Тез жардам жана чет элдик медициналык бөлүмдөр бөлүмүнүн башчысы Мустафа Ташкын баштаган дарыгерлер тобу Кыргыз-Түрк “Манас” университетине келишип, университеттин ректору, профессор Алпаслан Жейлан менен жолугушту.
Эске салсак, 2023-жылдын 30-августунда кыргыз-түрк «Достук» ооруканасында Кыргызстанда биринчи жолу бөйрөк алмаштыруу (трансплантация) операциясын жасоо үчүн Түркия мамлекетинен 120 дарыгер Бишкекке келген.
ММК жана коомчулуку менен байланышуу бѳлүмү